Бүгүн, 17-июлда Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Кайыңды айылында жайгашкан «Дары-Булак» лагеринде эс алып жаткан балдардан кабар алды.
Маалым болгондой, аталган лагерь быйыл гана ишке кирип, алгачкы жылда экинчи ирет балдарды кабыл алууда. Азыркы күндө чек арадагы жабыр тарткан айыл тургундарынан жана Баткен районунун аймагындагы шарты оор үй-бүлөрлөрдөн жалпы 60 бала эс алууда.
Баткендеги чек арадагы орун алган каргашалуу окуялардан соң 750 бала Ысык-Көл облусунда эс алып келген. Мындан сырткары чек арадагы жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн жалпы 98 адам Ысык-Көл облусунда «Ак-Тулпар» пансионатында, Жалал-Абад облусундагы «Жалал-Абад» санаториясында жана Ош шаарындагы К.Мамакеев атындагы санаториясында эс алышууда.