Кадамжай районунун Күлдү айылынын тургуну Мусабек Паттаев 2003-жылдан бери багбанчылык менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, короосунда алманын, кара өрүктүн түрлөрүн өстүрүп, жыл сайын мол түшүм алат. Багбанчылык менен кошо мал чарбачылыгын да колго алган. Бирок өзгөчө багбанчылыка басым жасайт. Анткени бул тармак кирешелүү. Короосунда алманын 4 түрү өстүрүлөт.
Багбанчылыгындагы кирешенин дагы бир бөлүгү кара өрүктөн түшөт. Анын көчөттөрүн Жалал-Абад облусунун Аксы районунан алып келген. Кара өрүктү кургатып как кылганда кө киреше болот. Бирок ал үчүн кара өрүктү кургатуучу техниканын жоктугу эң негизги көйгөй болуп, багбанды бир топ түйшөлтүүдө.
«2003-жыл өздөштүрүүгө жер алып, көчөт отургузуп баштагам. Алма, шабдалы тигип, кара өрүктүн 2 түрүн Аксыдан алып келгем. Азыр алманын крипсон, семеренко дагы башка болуп 4 түрү бар. Жалпы мөмө берүүчү 800 түптөй дарактар бар. Кара өрүктүн лето деген сорду бышкан учурда эле кургатылбастан сатылат. Ал эми дагы бир түрүн кургатууга туура келет экен. Аны кургатып, таңгактоо бир топ кыйынчылык жаратат. Быйыл 3,5 тонна карка өрүк алдым. Базарларга барып сатпайбыз. Россияга, базарларга өздөрү келип алып кетишет. Дүң баада жайынан 1 киллограммын 32-35 сомдон сатам.
Кара өрүктү өстүргөнүмдүн себеби биздин жер таштак. Бул аз сууду талап кылып жакшы өсөт. Киреше аз болгондо 200 миң сомдун тегерегинде болот. Быйылкы жылы үмүтүбүз чоң», - деди ал.
Багбан алма багынан жылына 7-8 тонна, ал эми кара өрүктөн 4 тоннага чейин түшүм алган. Ал эми алган түшүмүн сатууда кыйынчылыкка учурабайт. Анткени жыл сайын дүң баада сатып алуучу кардарлары бар. Кардарлар негизинен мөмөнүн сортуна карап баалап алып кетишет.
Үй-бүлөлүк кирешенин негизги бөлүгүн толуктаган бул бактан түшүм аз болгон учурда 200 миң сом киреше алат. Ал эми түшүм мол бергенде андан көп киреше болот.
https://batken.turmush.kg/news:442765