Бүгүн, 14-сентябрда саат 07:50 чамасында Кызыл-Кыя шаарында көпүрөнүн астынан адамдын денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, куткаруучуларга 102 кызматынан шаардын Кулатов көчөсүндө көпүрөнүн астында болжол менен 50-55 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси (аты-жөнү такталууда) суу менен агып келип, бетонго кыпчылып калганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Буга чейин ӨКМ бүгүн, 14-сентябрда Кадамжай районунун Марказ айылындагы каналдан дагы эркек кишинин денеси табылганын билдирген.
Маалыматка караганда, ӨКМге саат 07:50 чамасында 102 кызматынан айылдагы Жайылма каналында болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
