Бүгүн, 16-сентябрда Баткендин Кара-Бак айылында 1999-2000-жылдары Баткен окуясында курман болгондор эскерилип, алардын жаркын элеси үчүн тарыхый монумент катары артиллериялык курал орнотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага Баткен окуясынын катышуучулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл катышты.
1999-2000 жылдары эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу кыргыз армиясы сырттан келген душмандар менен салгылашып, өлкөнүн бүтүндүгүн коргошкон. Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылына эл аралык террористтер кирип келгенде аскерлер менен кошо жергиликтүү эр-азаматтар да душмандын мизин кайтарууга жардам берип, баатырларча курман болушкан.
https://batken.turmush.kg/news:445259