24-ноябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Ак-Татыр айылында этникалык кыргыздар менен жолукту.
Облус жетекчилигинин маалыматына караганда, ага тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, Бишкек шаарынан жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн адистери, кошуна Тажикстан менен Өзбекстандан көчүп кыргыздар катышты. Жалпысынан Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл аймагында жашаган этникалык кыргыздар катышып, облус башчысына жана адистерге өздөрүнүн маселелерин айтышты.
Баткен облусуна жалпысынан 562 этникалык кыргыз көчүп келип, Кыргызстандын жарандыгын алабыз деген үмүт менен жашап жатат. Анын 274ү Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу боюнча документ тапшырып, учурда 91 киши жарандык алды.
Баткен райондук калкты тейлөө борборунда атайын этникалык кыргыздар үчүн маалымат жана консултация берүүчү өзүнчө пункт ачылган. Бул жерде жарандар үчүн документтерди топтоо боюнча атайын адистер көмөктөшөт.
https://batken.turmush.kg/news:451992