Бүгүн, 28-ноябрда Баткен ОИИБдин жетекчиси Муратбек Боронов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен биргеликте Баткен шаары менен Баткен районундагы бир катар шайлоо участокторун текшерип чыкты.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери 25-ноябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Облустун ар бир шайлоо тилкелеринде коопсуздукту сактоо максатында жооптуу жетекчилер бекитилген. Саат 17.30га карата Баткен облусунда шайлоого байланыштуу 4 мыйзам бузуу боюнча маалымат катталып, анын экөө кылмыш жана жоруктардын белгиси аныкталбагандыктан наменклатуралык ишке чыгышталды. Ал эми 2 маалымат боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.