Кызыл-Кыя шаарында түнкүсүн көчөдө жүргөн беш өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 102-беренесинин ("Ата-энелик милдеттерден качуу”) негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

"Орозо айында ооз ачуудан кийин жаш өспүрүмдөр ата-энелеринин көзөмөлүнөн чыгып, акча табуу максатында кооптуу жерлерде жарамазан айтып жүрүшкөндүктөн, аларга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, топтошуп мушташууларга, укук бузууларга жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери мечиттерге барып, таравих намазына келген жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөп, кеңештерин беришти.

http://kg.kabar.kg/news/kyzyl-kyiada-t-nk-s-n-k-ch-d-zh-rg-n-sp-r-md-rd-n-ata-enelerine-aiyp-salyndy/