Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:58
Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты
22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
Бардык кабарлар

Энергетика кызматкерлери Баткенде тынымсыз иштешүүдө – Достукта иштен чыккан жабдууларды калыбына келтиришти

Баткен жаңылыктары / Экономика
69
0

Энергетика кызматкерлери кыргыз-тажик чегиндеги кандуу кагылыштан жабыр тарткан калктуу конуштардын электр жабдууларын калыбына келтирүүнү улантып жатышат жана учурда Достук айылындагы иштен чыккан жабдууларды дээрлик калыбына келтирип бүтүштү. Бул тууралуу "Улуттук Энергохолдинг” билдирди.

23-сентябрга карата Баткен РЭТ бригадасы тарабынан Баткен районуна караштуу Достук айылындагы калыбына келтирүү иштери аягына чыгарылды.

"Анда 10 кВ күч берүүчү трансформатору алмаштырылып, Достук көмөкчү станциясындагы зыян келтирилүүдөн улам өчүп калган 2 фидер ишке киргизилди. Андан сырткары, "Достук” 35/10/6 кВ көмөкчү станциясында 6300 кВА трансформатору алмаштырылып, ишке киргизилди. 23-сентябрга карата иштен чыккан бардык 10 кВ фридерлер оңдолду”, – дейт мекеме.

Ошондой эле Лейлек РЭТинин бригадасы Максат айылындагы зыянга учураган электр жабдууларын калыбына келтирүү менен алектенип жатат. Бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө бригадалары тарабынан Капчагай, Масеиттин жана Көктерек айылдарындагы 10 кВ тармагы боюнча электр берүү кубаттуулуктары калыбына келтирилген.

"Турак-жайларга кирүүгө мүмкүнчүлүк алгандан кийин РЭТ бригадалары 0.4 кВ тармагы боюнча оңдоп-түзөө иштерин башташат. 2022-жылдын 20-сентябрынан баштап кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген жерлерге калыбына келтирүү иштери үчүн 6 топ (Баткен РЭТине 4, Лейлек РЭТине 2) ишке чыккан. Ал жерден багыттуу түрдө Баткен РЭТине 6-7 бригада, Лейлек РЭТине 4 бригада болуп бөлүнүп кетишкен”, – деп айтылат "Улуттук Энергохолдинг” берген маалыматта.

Ошондой эле 20-сентябрдан баштап энергетика кызматкерлери келтирилген зыяндарды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын курамында иштей башташкан.

Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунда да электр берүү тармагы штаттык режимде иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан жаңжалдын башталышынан тарта 6-10 кВ кубаттуулуктагы 20 чубалгы, андан сырткары, 35 кВ кубаттуулуктагы бир чубалгы өчүрүлгөн. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы 39 калктуу конуш электр жарыгысыз калган.

https://kg.economist.kg/news/2022/09/23/energetika-kyzmatkerleri-batkende-tynymsyz-ishtesh-d-dostukta-ishten-chykkan-zhabduulardy-deerlik-kalybyna-keltirishti/
скачать dle 11.0фильмы бесплатно