Кадамжай райондук ооруканасынын маалыматы боюнча, окуя Абдыкадыр
Орозбеков айылындагы «Баластан» бала бакчасында болгон.
«Учурда бешөө тең жандандыруу бөлүмүндө. Үчөө өтө оор, экөө орто оор абалда.
Туздалган бадыраң, помидор, капуста, калемпир кошулган салат жешкен. Булар
кесиптештер болуп жатат. Окуя «Баластан» бала бакчасында болгон. Үчөө
ашпозчу, бирөө кампа кызматкери, бирөө бөлүм башчысы. Салатты алардын
бири үйүнөн алып барган. 21-ноябрда түштө жеп, кечээ, 22-ноябрда кечке маал
бизге түштү. Балдар жеген эмес, жаш балдарга тиешеси жок», - деп айтылат
маалыматта.
Ал эми оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө
борборунун кызматкерлери уулануу болгон жерге барып, салатты жок кылышты.
Мындан тышкары салатты алып келген кызматкердин үйүнө барып, калган
салатты төгүштү.
Источник: https://batken.turmush.kg/news:483842