Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Эски Баткен–Раззаков унаа жолун сел алып, көйгөй жаратууда

Баткен жаңылыктары / Коом жана проблемалар
172
0
Маалым болгондой, бул жол менен Кара-Булак айыл аймагынын тургундары Баткен шаарына жана Баткен облусунун башка аймактарына каттайт. Айдоочулар жолдун бузулушунун кесепетинен кооптуулук жаралып жатканын айтышууда.
 
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул жолдун ошол бөлүгү бузулганына 1 жылдан ашкан. Акимчилик, айыл өкмөт 1 жыл аралыгында кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзө элек. Жолдун бир тарабын сел жууп кеткендиктен азыр карамакаршы тилкедеги унаалар батпай, ал тилкеден өтө албайт. Бул жерден өткөн сел Баткен шаарынан кирип, андан Тажикстанга өтүп кетет. 
 
«Сел катуу өткөн сайын ал жер шагыл, кумга толуп, Кара-Булак айылынан Баткен шаарына барган жол бөгөлүп калат. Мен чет өлкөдөн келгениме 1 жылдай болуп калды. Жол ошол бойдон бузулуп турат. Кара-Булак, Айгүл-Таш, Боз-Адыр жана Баткен районундагы айылдарды Баткен шаарына алып барган жалгыз унаа жол. Сел келгенде тосулуп калат. Сел токтогончо күтүп турабыз. Токтогондо деле өтүш кооптуу. Ал жерден жаан жааса, өтө чоң сел жүрөт», - деди тургундар. 
 
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин айтымында, бул жерге сел өтүүчү чоң түтүктөрдү койгон пайдасыз. Анткени жаан жааган сайын бул сайдан өтө чоң сел жүрөт. Анда түтүктөр толуп, мындан начар абал жаралышы мүмкүн.
 
«Ал жерге түтүк койсо, өтө чоң түтүк коюш керек. Бирок ал да көйгөйдү чечпеши мүмкүн. Бирок буга чейин союз мезгилдеги долбоор менен ушундай сел өтүүгө ыңгайлашкан жай болуп курулган. Ал жерден чоң сел кетет. Ал жерге сел келгенде шагыл, таш келет, дарактарды агызып келиши мүмкүн. Темир агызып келиши мүмкүн. Ошолор тыгылып кала турган болсо, тескерисинче жолдон ашып, жолду бузуп, жараксыз кылып салышы мүмкүн. Ошондуктан сел жолдун үстүнөн өтө турган кылып койгонбуз. Ал жерден машина каттагандыктан адамдар таштандыларды каптарга салып барып таштап кеткен фактылар бар. Сел менен агып кетет деген түшүнүк менен ташташат. Бирок биз дайыма ишембилик уюштуруп, таштандыларды алдырабыз. Айыл өкмөт да алып турат», - деди Учкунбек Жоробаев.
 
Баткен районундагы №2 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Авазбек Мамаюнус уулу бул ачык лотоктордун курулганына 10 жыл болгонун айтты.
 
«Бул сел өтүүчү жерге бетондор коюлганына 10 жылдан ашкан. Жазында сел жүрүп, куюлган бетонду ичине түшүрүп койгон. Биз бетон плиталарды буйрутма берип, орнотконго даярдык көрүп жатабыз. Бул сел келүүчү жай (сел ара) курулгандан кийин оңдоп-түздөөдөн өткөрүлбөйт. Сел келгенден кийин тазалоо иштерин жүргүзүп, жолду ачып турганбыз. Башынан жасап чыгыш керек. Муну ачык лотоктор деп коет», - деди ал. 
 
Источник: https://batken.turmush.kg/news:484770
скачать dle 11.0фильмы бесплатно