Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
23:25
Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
23:24
Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек жоюлду
23:25
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди
23:28
Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат
22:07
Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты
23:26
Кыргызстандык академик чек арадагы көйгөйлөрдөн улам казак бийлигине кайрылды
23:34
ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө
22:51
ЕАЭБде курулуш темпи активдешти. ЕЭКтин алты ай боюнча маалыматы
23:30
Трансулуттук УКТ мүчөсү кыргызстандыктын $1,8 млн криптовалютасын ээлеп алган
23:26
Администрация: Садыр Жапаров “Барселонанын” легендалары менен таймашат
23:17
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
23:43
Өлүмдөн кийинки өмүр. Бүгүн ырчы Виктор Цой эскерилүүдө
23:03
ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
23:02
Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи
23:01
Санкт-Петербургда кыргызстандык таксист келиндин төрөтүнө жардам берди
22:58
Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады
22:57
КМШ оюндары. Самбо боюнча курама команда 3 медаль жеңди
22:56
КМШ оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы күмүш медаль багындырды
22:51
Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты
22:48
Адистер кечки тамактан баш тартуу эрте өлүмгө кептээрин билдирди
22:18
КМШ оюндарында дагы бир күмүш! Мушкер Алмаз Орозбеков медаль тагынды
Бардык кабарлар

Президент Жапаров Баткендеги курулуш иштери тууралуу сындарга жооп берди

Баткен жаңылыктары / Коом жана проблемалар
86
0

"Былтыр сентябрь айында Баткендеги жабыркаган үйлөрдү жаңыдан куруу жаатында долбоорлорду даярдоо боюнча Мамлекеттик курулуш жана турак жай агенттигине тапшырма бердим. Бир аптадан кийин долбоорду алып келишти. Алардын сметасы боюнча ар бир үйдү 5 млн. 500 миң сомго курушубуз керек экен. Анан мен Иш башкармалыктын жана жеке курулуш адистерин топтодум дагы, "Ар бир үйгө 5 млн. 500 миң сом кетет деген бул өтө кымбат. Ортодо мамлекеттин акчасын жеп көнүп калышкан мамлекеттик кызматкерлердин бул сметасы мага жаккан жок. Бир үйгө канча акча кетет экен, силер эсептеп чыккылачы” деп тапшырма бердим. Эки күндө мага сметасын алып келишти. Бир үйгө 3 млн. 300 миң сомдон акча кетет экен. "Эч ортомчусу жок ушул суммага кургула” деп дароо тапшырма бердим. Ошентип ар бир үйдөн 2 млн. 200 миң сомдон үнөмдөп калдык. Ошондо эсептеп көргүлө, Баткенге баш-аягы 500дөн ашык үй салабыз. Ар бир үйдөн 2 млн. 200 миң сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, "Ии болуптур, сала бергиле” деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек”, - деди ал.

Жапаров "Аманат инвест” компаниясы Баткенде салынып жаткан үйлөрдү жөн гана көзөмөлгө алып, кагаз иштерин бүтүрүп жатканын кошумчалады.

"Биз мамлекеттик каражаттарды уурдатпаганыбыз үчүн бүгүнкүдөй аскердик жана башка техника сатылып алынып жатат", - деди ал.

Баткенди калыбына келтирүү иштерин "Аманат Курулуш Инвест" ишканасы жүргүзүп жатат. Ал компания ар бир үйдү келишимдин негизинде 3 миллион 315 миң сомго куруп жатканы белгилүү болгон.

Былтыр декабрдын этегинде Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар курулуш иштери кечигип жатканын айтышып, аны жүргүзгөн компаниянын ишин сындап чыгышкан.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон.

18-январга карата расмий эсеп боюнча 426 үйдүн 45инин курулушу бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылган.

Учурда Ак-Сайдын 3 миңдей жашоочусу конушуна кайта элек.

Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кол салуудан 60тан ашык жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген.

Источник: https://www.azattyk.org/a/32248939.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно