Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, чек арадагы кырдаал талкууга алынып, үч маселе макулдашылды.
Алар - чек ара аймактарындагы көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүү, 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки облуста тең чек арага жакын жашаган эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү жаңжалдар атталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды. Бул үчүн эки өлкө бирин-бири айыптаган.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32253010.html