Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы Жаңы-Бак - Маргун - Арка айланма унаа жолунда жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг пиязды "Мерседес Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаа менен Тажикстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары 39 жаштагы Т.А.А., 30 жаштагы А.Б.А. жана 43 жаштагы Б.Т.Т. кармалды.
Кармалган пияздын контрабандага багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.
Жыйынтыгында унаалар "Орто-Боз" чек ара заставасынын №2022 Аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, факт документтештирилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/batkende-10-tonnadan-ashyk-piiazdy-atkezchilik-zhol-menen-alyp-t-g-b-g-t-koiuldu/