Баткен шаарында башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурула баштады. Буга чейин шашке тамак үчүн ар бир балага 10 сом бөлүнсө, эми ага 4 сом кошулган.
Бирок ал акча өкмөт тарабынан бөлүнгөн жок. Бюджеттен ажыратылган акчага долбоор алкагында кошумчаланат. Бирок бул ишти мектептердин ашканаларындагы шарттардын жоктугу токтотуп турат. Ошол себептүү Баткен шаарынан азырынча бир гана мектеп ысык тамакка өтө алды. Бул - Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби. Мурда кенже класс окуучулары шекер чай, жемиш ширеси, таттуу токоч жана жумасына бир жолу сүт ичишчү. Эми бөлүнгөн акча 14 сомду түзүп, аш тизмекке ысык тамак киргизилди.
Аш тизмекте күн сайын берилчү коржиктер окуучулардын көңүлүнө тийип калган. Ысык тамактын киргизилиши буга окшогон ысырапкерчиликтин алдын алат.
“Ысык тамактын берилиши окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырат. Ага кошо бала тамакты тоё жейт. Себеби буга чейин уюштурулган шашке тамактагы таттуу токочторду балдар толук жечү эмес”, - деди Ж.Бөкөнбаев атындагы мектебинин жетекчиси Гүлжамал Ысманова.
Ар бир окуучнун тамагына делген акчанын 14 сомго жогорулашына өкмөттүн тиешеси жок. Ал Бириккен улуттар уюмунун “Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк” программасынын негизинде ишке ашып жатат. Мамлекет мурдагыдай эле ар бир балага 10 сом ажыратса, калган 4 сомду долбоор каржылайт. Бирок ал үчүн мектептерде толук шарт болушу керек. Маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик 1,5 млн сом ажыратып, ашканалардын коммуналдык абалын жакшырта баштады.
“Ашканалар үчүн 1 миллион 300 миң бөлүнүп, эмеректерге 200 миң сом сарпталды. Жалпы 1,5 млн сом жергиликтүү бийликтен бөлүндү”, - деди Баткен шаарынын вице-мэри Имигүлсүн Кимсанова.
Долбоор бүткөндөн кийин балдардын ысык тамагын уюштуруу жергиликтүү бийликке жана ата-энелерге жүктөлөт. Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 234 мектеп болсо, анын 63ү гана аталган долбоордун алкагында ысык тамак менен камсыз болду. Алдыда калган мектептердин шартын жакшыртып, долбоорго киргизүү пландалууда.
2006-жылы башталгыч класстын окуучуларына ар бир балага 5 сомдон туура келген жеңил тамак өкмөт тарабынан уюшулган. 2010-жылы сумма 10 сомго көтөрүлгөн.
Кыргызстанда 1-4-класстын балдарына тамак берүүгө республикалык бюджеттен жылына 530 миллион сом каралат. Ал каражат ар бир балага күнүнө 7 сом, тоолуу региондордо 10 сом, ал эми борбор калаа мектептери үчүн шаар бюджетинен кошумча каржылоодон кийин 14 сомдон белгиленген.
2016-жылдын 1-апрелинде парламент депутаттары мектептерде башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу маселеси боюнча БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы жетекчиси Надежда Франк менен сүйлөшүшкөн.
Анда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде республика аймагындагы 2 218 мектептин 780нинде гана ысык тамак берилери маалым болгон. Калгандарында булочка же самсы, сүт же чай менен чектелери айтылган. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы жетекчиси Надежда Франктын айтымында, мунун себеби - канализация системасынын бардык мектептерде жоктугу.
Анда депутаттар БУУ тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен өлкөдөгү мектептердин 1,5 миңин ысык тамакка өткөрүүнү пландашкан болчу.
Союз мезгилинде кенже класстардын окуучуларына мектепте бир маал тамак берилчү. Бул нерсе Кыргызстан эгемендүүлүк алганда токтоп калган, кийин 2005-жылдан кенже класс окуучулары үчүн шашке тамак уюштурула баштады. Азыр бир окуучуга бир чыны чай же сүт менен пряник же ушуга окшош таттуулар берилет.
Азыр Кыргызстанда 67 миң балага ысык тамак берилип жатат.
Аяна БЕРДИКУЛОВА, “Взгляд”