Бүгүн:

Акыркы кабарлар

20:51
Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
20:48
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
20:45
Обсервацияга баары алынат. Сырттан келгендерди карантинге алуунун шарты өзгөрдү
20:39
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
20:32
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:31
Кол сунам дегендер болсо... Бишкек мэриясы ыктыярчыларды чогултууда
20:29
Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү
19:51
Сыртта калган КР туристтеринин тагдыры кандай болот? Расмий жооп
19:42
Бишкек: коронавирус жуктургандар 24 жана 26 жаштагы жигиттер
19:41
Өзгөчө кырдаалда Бишкек — Ош жолу жабылабы? Өкмөттүн жообу
19:39
Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталды
14:12
Жээнбеков Аксы окуясына карата кайрылуу жолдоду
14:10
Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?
13:33
Бейөкмөт уюмдар КРдеги USAID ишмердүүлүгүн сындап жатат
13:31
Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы
16:17
Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди
16:16
Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
16:15
ИИМ: кыргызстандыктар менен бирге Европага героин ташыган чет элдиктер кармалды
15:43
Өкмөт ундун жана башка азык-түлүктүн баасына чектөө киргизет
15:33
Абылгазиев доллардын курсу кандай болорун айтты
09:42
Кыргызстанда коронавирус билинбей жүрүшү мүмкүнбү? Министрдин жообу
09:41
Абылгазиев: вирустан улам экономика алсырайт, бирок элдин ден соолугу маанилүү
09:30
Вице-спикер Аида Касымалиева карантинге алынды
09:20
Вице-премьер Асрандиев үй-бүлөсү азык-түлүк камдаар-камдабасын айтты
15:18
Сапар Исаков төрт кыздан кийин эгиз уулдуу болду
14:23
Кадырбеков: көчөдө кыйкырып аялдардын укугун кантип коргорун түшүнгөн жокмун
14:09
Айдоочуларга автоунаанын айнегин караңгылатууга уруксат берилеби? Мыйзам долбоору
16:42
Кыргызстанда камактагы адамдар ачкачылык жарыялады
16:04
Мамэкотехинпекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды
14:24
Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан
13:11
Бишкекте феминисттер маршынын катышуучуларын милиция кармап кетти.
14:54
Казакстан кыргызстандыктар үчүн акысыз билим алууга сынак жарыялады
14:30
Бишкектин базарларын дезинфекциялаган каражаттар коопсузбу? Адистин жообу
14:29
Соцтармакта мактанган адамдардын көйгөйү эмнеде? Психологдун пикири
14:12
Бишкектин мектептеринде 1-класска канча орун бар?
11:47
Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми.
11:45
Ультиматум тили кабыл алынбайт! Жээнбеков кечээки митинг тууралуу
11:42
Эксперт: министрликтин идеясы китептеги каталарды жоюуга өбөлгө болот
11:24
Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди
11:21
Базарлар дезинфекцияланды. Санэпидемстанциянын коронавируска каршы иш-чаралары
10:56
Азербайжанда акысыз окууга документтер кабыл алына баштады
10:31
"Кең-Булуң" менен "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекеттери жаңы режимде иштей баштады
10:05
Казакстан Кыргызстанга кине коюп ЕЭК менен ДСУга арызданды
15:23
Жээнбеков Кыргызстан латын тамгасына өтөр-өтпөсүн айтты
10:43
Абылгазиев: кыргызстандыктарга көп өлкөлөрдүн визасын алуу кыйындап бара жатат
Бардык кабарлар

“БАТКЕНДИКТЕРДИН БАКТЫСЫНА ӨРҮК МОЛ БОЛДУ”

Баткен жаңылыктары / Интервью
710
0
Кишимжан КЫДЫРОВА, Бактен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары:

“БАТКЕНДИКТЕРДИН БАКТЫСЫНА ӨРҮК МОЛ БОЛДУ”

Дүйнө жүзүндө сейрек кездешкен "Айгүл” гүлү жайгашкан Баткен районунда алтын, рубин, коргошун, сымап, сурма жана алюминий кен байлыктарынын запасы мол. Коңшу Өзбекстан жана Тажикстан Республикалары менен чектешкен өзгөчө чек арадагы аймак эгемендүү 25 жыл аралыгында экономикалык, социалдык жактан өнүгүүлөрү тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Абдыкадырова Кишимжан Абдыкадыровна менен кабарчыбыз маектешип кайткан.
 

- Кишимжан Абдыкадыровна, баарыбызга маалым болгондой быйылкы жыл "Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланган. Андан сырткары өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленип жатат. Бул мааракелерге карата кандай даярдыктар көрүлүүдө?

- "Тарых жана маданият жылына” карата райондун аймагында атайын иш-чаралардын планын кабыл алганбыз. Анын негизинде райондун аймагында тарыхый баалуулук- тарды сактоого көңүл буруу менен маданий объектилер, мектептердеги музейлердин жана китепканалардын имараттары оңдоп–түзөөдөн өткөрүлүүдө. Мындан сырткары мектептерде, кесиптик окуу жайларда тарыхый инсандарды эскерүү иш-чаралары, дил баян, сүрөт сынактары өткөрүлүп келүүдө. Жакында Ош шаарында болуп өткөн эл аралык "Этномаданият” фестивалына биздин райондон да делегация барып катышып, жыйынтыгында түштүк региону боюнча Баткен району 2-орунду камсыз кылып келишти. Эгемендүүлүктүн 25 жыл аралыгында райондун аймагында бардык тармактар боюнча өнүп өсүүлөр байкалууда. Долбоорлор менен иштеп, ондогон ФАПтар ачылды. Эл аралык толеранттуулук коомдук фонду жана Швецария элчилиги тарабынан Зардалы, Капчыгай айылдарына ФАП курулуп пайдаланууга берилип, Миң-Булак айылындагы ФАП медициналык жабдуулар менен камсыздалды. Көк-Таш айылына Кызыл Жарым Ай коомунун колдоосу менен ФАПтын имараты курулду. Республика боюнча быйылкы жылы 100 жаңы мектептердин курулушу пландалса, анын ичинен Баткен облусуна 27 мектеп куруу каралса, алардын 11и Баткен районунун аймагында курулууда. Бүгүнкү күндө Чоң-Кара айылындагы Токтогул орто мектеби, Чек, Апкан мектептеринин курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берүү алдында турат. Кара-Булак, Кыштут, Көк-Таш, Бөжөй, Кара-Токой жалпы 7 мектептин курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Эгемендүүлүктүн алдында район аймагында бир да бала бакча болгон эмес. 2006-жылдан баштап ЮНИСЕФ менен кызматташуунун натыйжасында жыл сайын 4-5тен бала бакча ачып отуруп, бүгүнкү күндө райондун аймагында 31 балдар бакчасы ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Дагы 6 алты балдар бакчасы ачылуу алдында турат.

 

- Баарыбызга маалым болгондой, Баткен району Өзбекстан жана Тажикстан Республикалары менен чектеш өзгөчө чек арадагы аймак. Чек ара боюнча абалга токтоло кетсеңиз?
- Жакшы болот. 2014-жылы Баткен району менен чектеш аймактарда чек ара боюнча 36 инцидент, 2015-жылы 9 инцидент катталган болсо, быйылкы жылы бүгүнкү күнгө карата 1 инцидент катталды. Ал мектеп окуучулары арасындагы пикир-келишпестиктен болгон эле. Кудайга шүгүр, элибиз да кошуналар да азыр түшүнүп калышты. Кошуна мамлекеттер менен ынтымакта болушуп, аш-тойлорду, достук иш-чараларын бирге өткөрүп турушат. Жергиликтүү бийлик тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эки мамлекет ортосунда тынымсыз жолугушууларды, иш-чараларды, фестивалдарды жана поэзия кечелерин биргеликте өткөрүү менен достукту, биримдикти чыңдоонун аракеттерин көрүп жатабыз. Ушундай иш-чаралардын натыйжасы чек арадагы чыр-чатактарды азайышына чоң өбөлгө болууда десем жаңылышпасмын.

- Айтсаңыз, райондун аймагындагы кен байлыктарды иштетүү боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?

- Биздин райондун аймагында алтын, рубин, коргошун, сымап, сурма, алюминий кен байлыктарынын мол запасы бар. Аларды казып, кайрадан иштетүү үчүн инвесторлорду издеп жатабыз. Дара айыл аймагына караштуу Зардалек капчыгайында алюминийдин мол кени жайгашкан. 500 миң тоннага чейинки запасы бар. Кытай инвесторлору буга кызыктар болушууда. Ал эми Алтын жылга кенине Кытайдын Баткен-Майнинг компаниясы тарабынан лицензиялык аянттагы жерди трансформациялоо иштери аягына чыга электигине байланыштуу жумуштар токтоп турат. Азырынча инвесторлор келе элек. Ал эми Сары-Талаада жалпысынан 40 тоннадай алтын кени бар. Аны иштетүү үчүн кен казуу компаниясы аймакка комбинат курса, 1500дөй жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болору шексиз. Бул келишимдин негизинде аталган аймакта бир катар долбоорлор ишке ашып, социалдык маселелер чечилүүсү күтүлүүдө. Мындан сырткары, Чакуш алтын кени былтыр 7% же башкача айтканда 2 млн. 182 миң 300 сом жергиликтүү бюджетке, 26 млн. 910 миң 600 сом республикалык бюджетке салык төлөштү. Бул каражатка биз бир катар бала бакчаларды, айылдык ФАПтарды заманбап үлгүдө оңдоптүзөп алдык. Тунук-Суу айылындагы алтын кенинде 6 тоннадай алтындын запастары баары белгиленүүдө. Инвесторлор жакында келип жумушту баштаганы турушат. Буюрса, кен иштетилсе аймактын инфратүзүмү жакшырып бир канча социалдык маселелер чечилет. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Самаркандек айыл аймагынан табылган көмүр кенинин запасы дагы жүздөгөн жылдарга жетет деп болжолдонууда. Учурда бул аймакта 5 шахта ишке киргизилип, өткөн жылы 18 миң тоннадан ашуун көмүр казылган. Дагы 12 көмүр кени боюнча изилдөөчалгындоо иштери жүрүүдө.

- Экономикалык өнүгүүдө жолдордун таасири чоң. Бул багыттагы маселелер кандай чечилүүдө?

- Быйылкы жылы Баткен-Кара-Булак, Ак-Сай жана Ак-Татыр авто жолунда бардыгы 3 чакырымдык жолду асфальтоо иштери жүрүүдө. Чек айылындагы 1 км. аралыктагы автожолду асфальттоо жагы пландаштырылууда. 2016-жылга Ак-Сай-Рават авто жолунун курулушуна республикалык бюджеттен 105,1 млн. сом бөлүнүп, анын 9 млн. сому каржыланып, учурда аталган жолдун чукул бурумдарын кеңейтүү, өйдөлүш жерлерди түшүрүү жумуштары жүрүүдө. Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай автожолунун 0.0-4,5 км. Аралыгында жер иштери аткарылып, убактылуу авто унаа каттамы камсыз кылынган. Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кызыл-Бел айылынын Тажикстан Республикасы менен чектешкен жерине чейинки 6 км. Аралыктагы автожолду асфальттоо иштери башталды. Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык автожолунун Көк-Таш-Чайхана участкасында узундугу 36 метр болгон көпүрөнүн курулушу толугу менен бүткөрүлүп, автоунаа каттамы камсыз кылынды.

- Өзгөчө статусу бар аймактарга көрүлүп жаткан камкордуктар тууралуу кеп сала кетсеңиз?

- Өкмөттүн токтому менен Баткен районунун өзгөчө статуска ээ болгон аймактарына 320 млн. сом каралган. Анын 100 млн. сому бөлүнүп, бир канча социалдык маселелер чечилген болсо, быйылкы жылга карата 25 млн. сом каржыланып, анын негизинде бүгүнкү күнгө карата Кара-Токой айылын таза суу менен камсыз кылууга, Самаркандек, Паскы-Арык айылдарына скважина курууга тендер жарыяланган. Согмент айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн долбоор даярдалып, экспертизадан өткөрүлүүдө. Ал эми Апкан кичи насостук станция куруу жана Мазеиттин жери учаскасына электир линиясын тартууга жана трансформатор орнотуу иштерине акча каражаты бөлүнбөй токтоп турат. Бул боюнча КРнын Каржы министрлигине атайын кайрылуулар жолдонду. Мындан сырткары, Ак-Сай айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында жалпы сметалык баасы 13,7 млн. сомду түзгөн долбоор ишке ашууда. Өзгөчө чек аралаш аймактарда эл аралык уюмдар менен иштешүү жакшы жолго коюлуп, долбоорлордун алкагында көптөгөн жумуштар аткарылууда.

- Кишимжан Абдыкадыровна, быйылкы жылы Баткенде өрүк мол болду бул тууралуу айта кетсеңиз?

- Элдин бактысына быйылкы жылы өрүк мол болду. Бул да болсо, элет тургундарынын социалдык-экономикалык абалынын чыңдалышына зор салым кошот. Район боюнча өрүк бактын жалпы аянты 5 062 га. Арасында көп жылдык мөмө бактары бар. Алардын ичинен 3 663 га. түшүм берүүчү өрүк бактары болуп эсептелет. Алардан жылына климаттын шартына жараша, орточо түшүмдүүлүк гектарына 56,5 центнерди түзүп, кургатылганы 22-25 миң тоннага чейин түшүм алынат. Ал эми быйылкы жылы болуп көрбөгөндөй түшүм берип, өткөн жылдарга салыштырмалуу 2 эсеге көп, башкача айтканда түшүмдүүлүк гектарына 123,1 центнерден түзүп, 45 миң 116 тоннага чейин кургатылган өрүк алынды. Буюрса, быйылкы өрүгүбүз бир канча социалдык мамилелерди чечүүгө өбөлгө болот деп күтүп жатабыз

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык!

Маектешкен: Динара КУРБАНБЕКОВА,

Баткен

скачать dle 11.0фильмы бесплатно