Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
23:16
Кумтөр боюнча Министрлер кабинети канадалыктар менен онлайн форматта, жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
23:07
РКӨФ Баткен облусундагы кирпич заводун модернизациялоо жана кеңейтүүнү каржылайт
23:07
Кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат
23:06
Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтөт
Бардык кабарлар

Баткендеги бөдөнө чарбада Фермерлер: «БӨДӨНӨНҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИНЕ КЫЗЫККАНДАР КӨП БОЛУУДА»

Баткен жаңылыктары / Здоровье
4 926
0

Акыркы убактарда бөдөнөнүн жумурткасы эл арасында кеңири колдонула баштады. Бөдөнөнүн жумурткасы кадимки кичинекей чаар жумуртка болгону менен анын ичинде абдан бай витаминдер жана пайдалуу минералдардын кени бар. Бөдөнөнүн жумурткасы тооктун жумурткасына караганда 3 эсе кичине болгон менен анда башка жаныбарлардын жумурткасына караганда 5 эсе көбүрөөк белоктор бар экендиги иликтөөлөрдөн улам  аныкталган. Өзгөчө ал  жаш балдардын өсүп өнүгүүсүнө пайдалуу экендиги илимий жактан да тастыкталган.  

 

Баткендеги  бөдөнө чарбада  Фермерлер: «БӨДӨНӨНҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИНЕ КЫЗЫККАНДАР КӨП БОЛУУДА»

 

Баткен шаарынын тургуну Асилбек Тажибаев бөдөнөлөрдү инкубатор жолу менен көбөйтүү  ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган. Фирманы ачканына аз эле убакыт болгону менен ар бир 20 күндө жумуртка бастырып олтуруп, азыр бөдөнөлөрдүн саны 1000ден ашкан.  Фирмада  бул  канаттуулардын 10го жакын түрү бар. Алар эт  жана жумуртка багытындагы болуп бөлүнөт. Бөдөнөлөр назик, өтө камкордукту талап кылган канаттуу. Алар жашаган короо жылуу 25 градустан төмөн болбошу керек, ошондой эле  сууну көп талап кылгандыктан үзгүлтүксүз суу берилип турат дейт ишкер.

“Күнүнө фирмада  200дөн 300гө чейин жумуртка алынат. Учурда бөдөнөнүн жумурткасына болгон суроо-талап  жогору. Кардарлар фермердин үйүнө келип даанасын 6 сомдон алып кетип турушат. Өзгөчө дарылык касиети үчүн колдонгондор көп. Натыйжасы жакшы болуп жатат деп ыраазычылык айтып келгендер көп дейт ишкер. Ал эми бөдөнөнүн этин да сатып алууну каалагандар да арбын. Учурда шаардагы кафе ресторандар буюртма  кылууда. 1 бөдөнөнү 300 сомдон сатып жатам. Элдер бөдөнөнүн шорпосун көп сурап жатат экен”,- дейт Асилбек Тажибаев.

Фермер бөдөнөлөрдү ачып чыгаруучу аппаратты сатып алган. Ал  келечекте бул аппараттын жардамы менен дагы башка канаттууларды ачырууну максат кылууда. Алдыда төө кушту, тоодогу кекилик сыяктуу  тоо канаттууларын көбөйтсөм дейт Асилбек Тажибаев.

Ишкер  бөдөнөлөрүнө натуралдык жактан таза жем дандарды берет. Буудай, жүгөрү, фасоль, горох жана күн караманы тегирменден чыгарып, күлботону майдалап аралаштырып берет. Анткени күлботонун  курамында кальций көп. Кальций жумуртканын сырты калың  болушуна жардам берет дейт. 7 балалуу бул чоң үй-бүлө үчүн мындагы  ишкердик  күнүмдүк турмуш тиричиликке кыйла жардам болгонун айткан ишкер алдыда фирманы кеңейтүү максаты бар экенин айтат.

Исфана шаарынын тургуну Гүлбайра Матураимованын да бөдөнө фермасын ачуусуна бөдөнөнүн дарылык касиети себеп болгон. Гүлбайра айымдын жолдошу ашказанынан сыркоолоп калган учурда бөдөнөнүн даарылык касиети жөнүндө угуп, аны дары катары пайдаланып көрүшөт. Бөдөнөнүн жумурткасынын, этинин ден соолук үчүн   жакшы таасирин байкаган соң, үй- бүлөсү үчүн гана, бөдөнөнү короосунда бага башташат. Акырындап үй-бүлөлүк кошумча киреше катары бөдөнө фирмасын кеңейтүүнү чечишет. Бул үй-бүлөлүк фирмада азырынча  200дөн ашуун бөдөнө багылууда.

«Учурда шаарыбызда бөдөнөнү жумурткасына жана этине болгон суроо талап жогорулоодо. Кафе- ресторандар болсо туруктуу кардарыбызга айланды. Ал эми жарандар өзгөчө жумурткасын жаш балдарга иммунитетти көтөрүүгө жакшы жардам берет  жана бир топ ооруларга дары экен деп кызыгып,  сатып алып жатышат.  Бул ишкердик буга чейин туруктуу иши жок, чет жактарга  миграцияга чыгып иштеп жүргөн жолдошум үчүн жакшы жумуш болуп калды”,-  дейт ишкер айым.

 

Баткендеги  бөдөнө чарбада  Фермерлер: «БӨДӨНӨНҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИНЕ КЫЗЫККАНДАР КӨП БОЛУУДА»

 

Бөдөнөнүн дарылык касиетин адистер илимий жактан тастыкташкан

Бөдөнөнүн жумурткасы бардык организмди дарылайт

Сөөк, тиш, тырмак жана чачтын саламаттыгын жакшыртат. Иммунитетти бекемдейт. Кант диабети жана бронхиалдык астмага жакшы жардам берет. Боор жана бөйрөктү тазалайт. Ашказан менен ичегилердин иштөөсүн жакшыртат. Токсикозду жеңилдетет. Кан басымды калыбына келтирет.

Жумурткасын чийки бойдон ичүү керек

Бөдөнөнүн 2 даана жумурткасын 2 ай бою эрте менен жана кечинде чийки бойдон тамактанаардан мурда ичүү керек. Оор илдетке кабылгандар 3 ай бою кабыл алуусу зарыл. Белгилеп кетүүчү нерсе, жумурткасын сууга бышырып же майга кууруп жегенде дарылык касиети жоголуп, жөн гана тамак, деликатес катары таасири болот. 

Бөдөнүнүн өтү организмдеги таштарды ээритип, жок кылат

Бөдөнөнүн өтүнүн дарылык касиети өтө күчтүү. Анткени бул канаттуу майда таштарды, кумдарды чокулап жеген соң, ал бөдөнөнүн ичинде ээрип, андан жумурткасынын сырткы кабыгына айланат. Ошондуктан бөдөнөнүн өтү адамдардын бөйрөгүндөгү, өтүндөгү таштарды ээритип, жок кылуучу касиетке ээ.Ал үчүн нандын ичиндеги күкүмүнө бөдөнөнүн өтүн 20 жолу тамчылатып, ал күкүмдү жеш керек. 

Жумурткасы косметикалык каражаттарды жасоодо да колдонулат

Бөдөнөнүн жумурткасында тирозин көп болгондуктан адамдын терисине бакубат түс берген пигмент калыптанат. Ошондуктан бөдөнөнүн жумурткасы косметикалык каражаттардын өнөр жайында колдонулат. Жумурткасынын курамында  А, В1, В2, РР витаминдери  тооктун жумурткасына караганда 2 эсе көп. Минералдар кальций темир фосфор, калий тооктун жумурткасына караганда 5 эсе көп. Амино кислоталар, тирозин, треонин, глицин, лизингдерге бай.

Даярдаган: Чолпон БЕРДИКУЛОВА,

“Взгляд” Баткен облусу

скачать dle 11.0фильмы бесплатно