Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:32
Медакадемияга канча бюджеттик орундар бөлүнгөн? Адистиктердин тизмеси
13:32
Кулак кагыш! Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу өзгөрдү
13:22
Боронов эмдөө жана аймактарда ооруканаларды кеңейтүү боюнча тапшырма берди
13:21
Алар — баатырлар! Жээнбеков каза болгон медиктердин жакындарына көңүл айтты
13:20
Контейнерде окубай калышат. Боронов жаңы курулуп жаткан мектептерди тизмектеди
13:04
Өкмөт 145 миллион сомго 40 Тез жардам унаасын сатып алууну пландап жатат
13:02
Министрлик окуучулардын мектеп формасы боюнча түшүндүрмө берди
13:00
Оренбургдан келчү мекендештерди ташыган 43 автобус жолго чыкты
12:58
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты
12:52
Элчилик: Түркия Кыргызстан менен авиа байланышты жандантты
13:17
Бишкекте 1-класстын окуучулары кандай тартипте окуйт? Башкармалыктын жообу
13:16
Саламаттык сактоо министринин орун басары пневмониядан айыкты. Эртең ишке чыгат
13:14
COVID-19дун айынан Кыргызстанда майнинг-фермалар эми салык төлөмөкчү
13:11
Россия-казак чек арасында чогулган кыргыз, өзбек мигранттары эртең мекенине жөнөтүлөт
09:33
Россиялык дарыгерлер: кыргыз медиктери COVID-19ду дарылоону жакшы өздөштүргөн
09:30
"Семетейде" лаборатория уюштуруу боюнча даярдык башталды
09:29
Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү
09:26
"Колдоо керек". Чолпон-аталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды.
15:26
Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарыл
15:25
Сабырбек Жумабеков: ырчы Асел Кадырбекованын абалы жакшырып, үйүнө чыккан
15:24
Бишкек: кайсы медицина мекемелери оңдолуп жатат.
15:22
Ысык-Көлдө заманбап жол курууга канча акча кетет жана ал кайдан алынат.
15:18
Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук антидопинг борбору түзүлдү
13:58
Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири
13:57
Өкмөт "Семетей" стационарын жугуштуу илдеттер ооруканасына айлантууну пландап жатат
13:54
Бишкек: соода жана тамактануу жайлары, транспорт жаңы тартипте иштөөгө өтөт
13:53
Өкмөт Нарынга жугуштуу илдеттер ооруканасын куруп баштады.
13:03
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты
13:01
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп
13:00
Өкмөт Кытайдан дагы 78 кычкылтек концентраторун алдырды
12:28
Коронавирус жуктурган 4 гана медикке 200 миң сом компенсация төлөндү
12:13
Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты
10:15
Коронавирус беш жерден жугат. Окумуштуулар санап беришти
10:08
Кыргызстанга Россиянын кезектеги гуманитардык жардамы келип түштү.
16:41
Профессор Сарыбаев: кардиомагнил менен тромбо АССты профилактика үчүн ичүү зыян
15:24
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды.
14:47
Жээнбеков: 1-классты мектептен окутууну министрге да, премьерге да айттым
13:12
Ынтымак менен жеңерине ишенем. Токаев кыргыз элине көңүл айтты
12:13
Коронавирустан көз жумгандарга аза күтүү күнүнүн символикасы бекитилди
12:09
Бишкектин коомдук транспортунда "Тулпар" төлөм системасынын иши жанданат
12:08
Пандемия тааныткан чындык: дарыгерлерге спорт менен машыгып жардам берүү зарыл
12:39
Боронов курула турган ооруканалардын сапаттуу болушун талап кылды
12:35
Аскер лицейинде жугуштуу оорулар бөлүмү, гемодиализ кабинети иштөөдө
12:24
Медиктердин компенсациясына канча каражат кеткени айтылды
12:09
ЕЭАБ коронавирус менен күрөшүү үчүн иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти
Бардык кабарлар

Улукбек МАМЫТОВ, Баткен ОИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги: «ИРИ КӨЛӨМДӨГҮ АКЧА ЖАНА ҮЙ БУЮМДАРЫН УУРДАГАНДАР КӨБӨЙДҮ»

Баткен жаңылыктары / Интервью
1 003
0

Жыл башында киши өлтүрүү боюнча резонанстуу окуялар жүрөктүн үшүн алса, акыркы учурлары дайынсыз жоголуу, жаштар арасындагы бейбаштык сыяктуу окуялар ар бир адамды тынчсыздантпай койбойт. Бирок адистер жылдагыдан быйыл кылмыш азайып, көбүнүн бети ачылганын айтышат. Биз бул багытта толугураак маалымат алуу үчүн Баткен облустук ички иштер (ОИИБ) Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Улукбек Мамытовго жолугуп, маектештик.

 

Улукбек МАМЫТОВ, Баткен ОИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги: «ИРИ КӨЛӨМДӨГҮ АКЧА ЖАНА ҮЙ БУЮМДАРЫН УУРДАГАНДАР КӨБӨЙДҮ»

 

-Улукбек Курбаналиевич жыл аяктап баратат, облус аймагында бул жылы кылмыштуулук азайдыбы же?

-Үстүбүздөгү жылга баам салсак облус аймагында кылмыштуулук кыскарды. 2016-жылдын 10 айында 442 кылмыш катталып, анын 387нин бети ачылды, башкача айтканда ачылуу 87,6%ды түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу 138 кылмышка аз катталды.  Мунун башкы себеби жер-жерлерде кылмыштуулуктун алдын алуу багытында бир канча профилактикалык иш-аракеттер жүрүп жаткандыгында.  

-Кайсы кылмыштын түрү көбүрөөк катталды жана анын себептерине токтолсоңуз?

-Быйыл област аймагында уурулук, батир уурулук кылмыштары көп катталды. Бирок былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштын бетин ачуу  бир топ жогору. Жалпы 120 уурулук катталса анын  108инин бети ачылган. Өзгөчө Кызыл-Кыя шаарында жана Лейлек райондорунун аймагында жарандардын турак үйлөрүнө, көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерине кирип, акча, телефон жана ар кандай буюм тайымдарды уурдаган фактылар көп болду. Аны менен катар ири көлөмдөгү акча уурдаган фактылар катталып, анын бири  Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Роза Маманованын үйүнөн 22-июль күнү  1 млн 200 миң сом уурдалган. Тилекке каршы көрүлгөн аракетерге карабай ууру табылбай жатат.

-Дайынсыз жоголгон адамдарды издөө аракеттеринин натыйжасы кандай болуп жатат?

-89 адам дайынсыз жоголуп, 74ү табылды. Учурда 15 адам изделүүдө. Өзгөчө өспүрүм курактагы балдар көп жоголот. Биздин аймакта миграция күч эмеспи, жакындарынын  колунда калган балдар ата-эненин көзөмөлүнүн жоктугунан  ар кандай жолго барып, бир канча убакыт ар кайсы жакка жоголуп кеткен учурлар болууда. Ошондуктан өзгөчө өспүрүм курактагы балдарын ар бир ата-эне өзү тарбиялап, көзөмөлдөшү  керек. Ал эмес жакында эле Лейлек районунда жоголгон эки жашар баланын окуясына токтолсок. Окуяга чейин ата-энеси ажырашып кеткен. Кичинекей  бала бир күн мурда  башка бирөөгө турмушка чыгып кеткен апасын издеп, үйдөн 15 чакырым алыстыкка, тоо ичине  кирип кеткен.  Жаш бала таякесинин колунда калган экен. Анын үйдөн чыгып кеткенин эч ким байкабай калган. Кечинде саат 19дар чамасында милицияга кабар түшөөрү менен издөө жүрүп, эртеси түшкө маал жуук 12де бала тоо арасынан курсагы ач, үшүгөн, алсыз абалда табылды. Ошондуктан ар бир балага өз ата-энесинин камкордугу, көзөмөлү  керек.

-Кылмыштын оор түрлөрү боюнча абал кандай?

-Быйылкы жылы адам өлтүрүү фактысы 7 жолу катталып, жетөөсүнүн тең бети ачылган. Мындай кылмыштын оор түрлөрүнүн келип чыгуу себептери болуп, жетишпөөчүлүк, пикир келишпестик, мүлк талаш маселелерин айтсак болот. Өзгөчө оор кылмыш деп кылмыш артынан кылмыш жасаган фактыларды айтсак болот. Быйыл жайында Кызыл-Бел айылында эки дос кошуна Тажикстандан мал уурдап келип, сатып, 3000 сомду бөлүшө албай, бирөөсү экинчисин уруп өлтүрүп, көлгө чөктүрүп жиберген. Муну жалпы коомчулук билет.  Ал эми ар кандай себептер менен, мисалы суукка тоңуп, ичимдиик ичип же жүрөгү кармап ар жерде каза болгон 23 адамдын жансыз денеси табылып, 16нын өздүгү аныкталып, жетөөнүн өздүгү аныктала элек.

-Акыркы күндөрү жаштар арасында болуп жаткан бейбаштыктардан улам эл арасында кооптонуулар пайда боло баштады.Буга эмне себеп болууда?

- Негизи шаарыбыз туруктуу эле абалда. Өтө күч алган криминалдык топтор деле жок. Бирок бейбаштык жасагандар жок эмес. Азыр сөз болуп жаткан Баткен шаарынын  Кызыл-Жол кварталынын  өспүрүм курактагы 9 баланын иши каралып жатат. Алар себепсиз эле 23 жаштагы Баткен шаарынын тургунун өз унаасыында отурган жеринен 16 миң сом акчасын, кол телефонун алып, сабап, эсин жоготкон жабырлануучуну унаанын арткы капотуна салып алып, шаарды кыдырып, унаанын күйүүчү майы түгөнгөн маалда, талаага таштап коюп кетип калышкан. Бул боюнча учурда мындай окуяларды болтурбоо үчүн коомчулукта түшүндүрүү иштери да жүрүп жатат. 

-Негизи кылмыштуулуктун келип чыгуу себептерин анализдеп көрсөңүздөр керек?

-Кылмыштуулук социалдык муктаждык, жакырлык, жумушсуздук сыяктуу маселелерден келип чыгат. Качан жогоруда айтылган муктаждык канааттандырылганда гана кылмыштуулуктун аягы тыйылышы мүмкүн. Шаарда деги эле областыбызда кылмыштуулукту болтурбоо учун коомчулуктун социалдык-экономикалык турмушун көтөрүү, элдин укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча иш алып баруу керек. Ошол эле учурда ар бир жаран укугун эле эмес, өз милдетин да жакшы билүүсү зарыл.

Даярдаган: Чолпон БЕРДИКУЛОВА,

“Взгляд” Баткен облусу

скачать dle 11.0фильмы бесплатно