Иш-чарада тез жардамчылар менен өрт өчүрүүчүлөрдүн биргелешип иштөө даярдыгы текшерилди. Атайын даярдык учурунда мектептин 1-кабатында жайгашкан ашканада шарттуу түрдө өрт чыгарылды. Өрт чыккан учурда ашканада 9-Б классы тамактанып жаткан. Белгиленген мөөнөттө атайын сигналдар берилип, өрт өчүрүү кызматына кабарлаган. Андан кийин куткаруучулар келип, өз убагында жардам көрсөтүлдү.
Өрт өчүрүү кызматы өз убагында келгени менен мектепке баруучу Темирбай Марипов көчөсүндө башкалар менен жол талашып, тыгылып калышкан. Анын негизинде мектеп жетекчилигине кошумча айланма жол ачуу сунушу берилди.
http://batken.turmush.kg/news:344885/?from=kg_turmush&place=newstoplast