Turmush -
9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Сүлүктү шаарында эрежесиз эр
таймаш боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду.
Сүлүктү шаардык дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча
бөлүмүнүн башчысы Муратбек Убаевдин айтымында, мелдешке жалпысынан 24 мушкер
катышты. Супер беттешке казакстандык мушкер менен сүлүктүлүк мушкер Умар
Сүйүнов чыгып, ал техникалык нокаут менен жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөргө акчалай
сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.
Жеңүүчү болгон кыргызстандык мушкерлер:
- Акимов Улан 84 кг;
- Сүйүнов Умар 71 кг;
- Умаркулов Руслан 66 кг;
- Ашимов Адилет 61 кг;
- Алимов Медер 77 кг;
- Пусурманку уулу Баабек 57 кг;
- Исаков Бекзат 66 кг;
- Кудаяров Дастан 61 кг;
- Маматов Нуртилек 66.
Жеңүүчү болгон тажикстандык мушкерлер;
- Иркабоев Назим 93 кг;
- Шарипов Кушбак 66 кг.
http://batken.turmush.kg/news:345411/?from=kg_turmush&place=newstoplast