Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:19
Күн катуу сууктаса Бишкек ТЭЦи 3 күн ичинде жылуулук бере алат
14:05
Суракматов сөзүнө турду! Сабалган окуучу боюнча чоңдор жазаланды
14:04
Бишкекте фитосанитардык логистикалык борбор ачылды.
14:01
Бишкекте фонтандардын маалы бүттү
13:59
Мэрия жылуулукту качан берерин эки күндөн кийин так айтат
11:16
Кыргызстандын дагы бир учагы Москвада уча албай турат. Окуянын жоо-жайы
11:13
Бишкек — Ош жолундагы кыш. Кар менен тумандын видеосу
11:06
Көлдө чабак деп кайсы балык сатылып жатканын билбейсиңер да... Экологдун маеги
10:53
Мэр Азиз Суракматов оозу жырылгыча сабалган окуучудан кабар алды
10:21
Тигүүчү, тамада, ырчы. Өз кесибинен тыш кошумча жумушта иштеген мугалимдер
10:19
Чаткалда эски мектеп өрттөнүп, окуучулар китепсиз калды.
09:26
Бишкек тумчугуп баратат. Борбор калааны көчүрүү тууралуу 6 пикир
12:23
Милиция айдоочуларга дөңгөлөктү маалында алмаштырууну эскертти
12:21
Россия Борбор Азияга ракты дарылоо боюнча жардам берүүнү көздөйт
10:14
Бишкектеги кафенин кызматкерлерин катуу сабаган үч кишинин бирөө кармалды
10:03
Карамушкина Санкт-Петербургдагы кыргыздардын абалына кейиди
10:01
Депутат: куш тумоосу деп жатып ишкерлерге тоскоолдук жараткан жокпузбу?
10:37
Чүй облусунда үч туугандын машинасы табылып, өздөрү изделүүдө. Сүрөт
10:32
Бүгүн эл аралык кыздар күнү. Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт
10:27
Кесиптешинин кылыгын жашырган 10 милиционерге чара көрүлдү
10:22
Новопокровкада алабайдын талоонуна калган кыз башынан жаракат алды. Милиция эмне деди
09:40
Депутат: Кыргызстанда эки гана лаборатория стандартка жооп берет
09:37
Султан Жумагуловдун сөөгү жерге берилди
09:35
Чүйдүн Казакстан менен чектешкен жери боюнча үч мекеме үч башка жооп берди
09:31
Бүгүн эртең менен Алайда жер силкинди
09:27
Махабат Мавлянова: коом моралдык жактан деградация болуп жатат
09:26
КР жарандары канча өлкөгө визасыз кире алат? Паспорттор рейтинги
10:40
Астанада төрт өлкөнүн төкмөлөрү катышкан эл аралык айтыш өтөт
10:39
Эмнеге Кыргызстандан акча сыртка "агып" кетет. Адистердин жообу
10:30
Бишкектин эң начар жана эң мыкты кафе-ресторандары. Тизме
10:26
Министр боло калам деп чырга кабылып... ЖКнын "атагы чыккан" экс-депутаттары
10:18
Лунара Мамытова кызматын тапшырат
10:09
Лейлектин айылдарына кар жаады. Жеринен алынган сүрөттөр
10:03
Бишкекте кышкысын селсаяктар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылат. Даректер
09:52
Кыргызстандын ири ишканаларын ким тескейт? Таскагы катуу 8 жетекчи
09:35
Прокуратура Исакунова, Каденова, Мамытова кайсы жакка кантип барганын ачыктады
09:15
Кыргызстандык режиссердун "Аврора" тасмасы Кореядагы фестивалда күч сынашууда
11:09
Кыргызстандык режиссердун "Аврора" тасмасы Кореядагы фестивалда күч сынашууда
10:56
Керек болсо жапжаш сулуу кыздар да жуунбайт! Кыргыз хирургу гигиена тууралуу
10:37
Москвада жоголуп кеткен кыргызстандык бир сутка бою изделди
10:36
Сооронбай Жээнбеков: авиаучуулардын коопсуздугун күчөтүү зарыл
10:35
Темир устанын баласы... Улуу окумуштуу Болот Юнусалиев тууралуу 6 факты
09:18
Министр Султан Жумагулов дүйнө салды
13:45
Айтматовсуз дүйнөлүк маданият бөксөрө түшөт. Жээнбеков улуу жазуучу тууралуу
13:44
Жээнбеков: "Ысык-Көл форуму" мезгилдин чакырыктарына жаңычыл жооп сунуштаган
Бардык кабарлар

Кадамжайлыктар сапаты начар үй куруунун ордуна эски үйдү оңдотуп берүүнү суранышууда

Баткен жаңылыктары
60
0

 

Turmush - Кадамжай шаарындагы 2011-жылдагы жер титирөөдөн жабыр тарткан көп кабаттуу үйдүн айрым тургундары ошол эле үйдү оңдотуп берүүнү суранышууда. Алардын айтымында, жер титирөөдөн кийин бир топ үйлөр жабыркап, жашоого кооптуу абалга келген.

«Жалпысынан 117 үй-бүлөнү көчүрүү зарылчылыгы келип чыгып, өкмөт тарабынан жаңы үй куруу боюнча тендер жарыяланып, имараттын пайдубалы куюлган. Бирок акча каражаты жоктугунан курулуш токтоп калган. Кийин Кадамжай шаардык мэриясы мамлекеттен пайызсыз насыя алып, 93 млн сомго тендер жарыялап, курулуш компаниялардын бири 63 млн сомго тендерди утуп, курулушу башталган. Курулушу аяктар алдында сметада кеткен кемчиликтерден улам дагы 10 млн 600 миң сом жетпей калган. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков келип көрүп, жетпей калган акча каражатын бөлүп берүүнү убадалаган. Бул үйлөрдүн 1 кв метри 350 долларды түзөт», - деди Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы Алтынбек Абдураимов.

Батирлер ипотека катары пайызсыз түрдө 15 жылдык мөөнөт менен берилет.

Звездная 2 көп кабаттуу үйүнүн жашоочусу Үрүнса Акбалаеванын айтымында, жаңыдан салынган үйдүн сапаты начар. Андыктан мурдагы жер титирөөдөн жабыркаган эски үйдү эле оңдоп беришсе болмок. Союз мезгилинде курулган үйлөр жаңы үйгө салыштырмалуу сапаты жагынан бир топ жакшы.

Ал эми Звездная 1 көп кабаттуу үйүнүн жашоочусу Заарахан Абдижалилованын айтымында, жаңы үйдөгү батирлер алар үчүн кымбат болуп жатат.

«Жаңы салынган үй кымбат болгону аз келгенсип, бүтө электе эле жарака кеткен жерлери бар. Андан көрө эски үйдү оңдоп беришсе жакшы болмок», - деди ал.

Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы Алтынбек Абдураимов элдин бул нараазычылыгынын негизинде көз карандысыз атайын комиссия түзүлгөнүн, алар үйдүн курулушун карап чыгып бир чечимге келерин билдирди.

Кадамжай шаарында 117 үй-бүлөнү жаңы батирге көчүрүү зарылчылыгы бар. Бүгүнкү күндө 45 батирлүү гана үй бүтөр алдында турат. Жалпы 120 батирлүү үй куруу пландалган.
http://batken.turmush.kg/news:345557/?from=kg_turmush&place=newstoplast

скачать dle 11.0фильмы бесплатно