Чуңкурдун тереңдиги үч метр экени айтылды.
Кызыл-Кыя шаарында ажаткана үчүн казылган аңга түшүп кеткен 61 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 11-июнь күнү кечке маал болгон. Чуңкурдун тереңдиги үч метр экени айтылды.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү аңдан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20180612/1039629944/kyzyl-kyya-an-azhatkana-kishi.html