DataLife Engine > Баткен жаңылыктары > Баткендин Кыштут айылында санариптик телемунара орнотулуп, тургундар 15 канал көрүп жатышат (сүрөт)

Баткендин Кыштут айылында санариптик телемунара орнотулуп, тургундар 15 канал көрүп жатышат (сүрөт)



Маалыматка караганда, айылда союз учурунан бери телемунаранын жоктугунан сыналгы көрсөтпөй келген. Жаңы телемунара коюлгандан бери Россиянын 1-каналынан тышкары Кыргызстандын 15 каналы көрсөтүп жатат.

«Биздин Кыштут айылы тоолуу айыл. Эки тарабын тең тоо тосуп тургандыктан башка телемунараларды тоо тосуп, каналдар көрсөтпөйт. Союз убагынан бери Россиянын 1 эле каналы тартып келет. Биз Кыргызстандын жаңылыктарына караганда Россиянын жаңылыктарынан көбүрөөк кабардар болуп келебиз. Өлкө жаңылыктарынан артта калып, көчөлөрдө ушак айтышмай көп эле. Азыр эми телемунара орнотулуп, Кыргызстандын 15 каналы тартып калды. Балдар да көчөдө жүрбөй спорттук берүүлөрдү, балдар үчүн каналдарды көрүп калышты», - деди Кыштут айылынын тургуну Зуура Касымова.

Кыштут айылынын башчысы Иса Улукбековдун айтымында, мунараны коюуга жергиликтүү бийлик тарабынан акча каралып, эл ашар жолу менен орноткон.

«Буга айыл өкмөттөн 17 миң сом каралып, шаймандар алынды. Жергиликтүү калк ашар жолу менен куруп алышты», - деди ал.
http://batken.turmush.kg/news:358626?from=turmush&place=byregionскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад