DataLife Engine > Баткен жаңылыктары > Баткенде чек арадагы чатактардын себептери менен иштей турган жумушчу топ түзүү сунушталды

Баткенде чек арадагы чатактардын себептери менен иштей турган жумушчу топ түзүү сунушталды

Маалым болгондой, анда чек арадагы чыр-чатактарды алдын алуу, аларга себеп болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу, коңшулаш өлкөлөр ортосундагы макулдашылган чечимдерге жоопкерчилик менен мамиле жасоо, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды. Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы көрүстөнгө курулган бастырмага байланыштуу эки өлкөнүн айыл аймак башчыларынын оозеки макулдашуусу катуу сынга алынып, чек араны делимитациялоо жумуштары аяктаганга чейин такталбаган аймакка курулуш курбоо боюнча мамлекеттер аралык макулдашуу бар экени белгиленди.

Кенешмеде чек арадагы чатактарды алдын алуу жана чыр чатактарга себеп болгон маселелердин үстүндө иш алып барган атайын жумушчу топ түзүү сунушталды.
http://batken.turmush.kg/news:358918/?from=kg_turmush&place=newstoplastскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад