DataLife Engine > Баткен жаңылыктары > Баткендин Зардалы айылындагы тургундардын ден соолугу текшерилди

Баткендин Зардалы айылындагы тургундардын ден соолугу текшерилди

26-августта Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Кызыл Ай Коомунун дарыгерлери Баткен районунун эң алыскы, шарты оор Зардалы жана Кайыңды айылдарындагы элдин ден соолугун текшеришти. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтымында, айылдарга окулист, терапевт жана башка дарыгерлер барды. Текшерүүнүн жүрүшүндө бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлдү. Айрымдарга дарылануу сунушталган.

Мындай иш-чара облустагы башка тоолуу райондордо да жүргүзүлөт.
http://www.turmush.kg/news:374230?from=turmush&place=byregionскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад