DataLife Engine > Баткен жаңылыктары > Баткенде 13 бала кайрымдуу адамдардын камкордугуна алынды

Баткенде 13 бала кайрымдуу адамдардын камкордугуна алынды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен районунун Самаркандек айылынын 9 жаштагы тургуну Мухаммедалы Момуновду өз камкордугуна алды.

Маалым болгондо, Мухаммедалы аталган айылдагы мектепте 3-класста окуйт. Облус жетекчиси мындан ары Мухамеддалынын ден соолугу, окуусу, жашоо шарты боюнча ар дайым кабарлашып, үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болорун айтып, келечекте татыктуу билим алып, эл керегине жараган инсан болуп чоңоюшуна салым кошорун белгиледи. Мухаммедалы сыяктуу дагы 13 бала ата-энелүү болушту. Аларды аймактагы кайрымдуу инсандар камкордугуна алышты.

http://batken.turmush.kg/news:384281скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад