DataLife Engine > Баткен жаңылыктары > Баткенде ири суммага алдап кетти делген аял 10 жылдан кийин Москвадан кармалды

Баткенде ири суммага алдап кетти делген аял 10 жылдан кийин Москвадан кармалды

Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте 10 жылдан бери издөөдө жүргөн аялды кармашты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

В Москве при содействии Представительства МВД КР в РФ установлена разыскиваемая гражданка, которая находилась в розыске с 2010 года.
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МВД КР
Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте 10 жылдан бери издөөдө жүргөн аялды кармашты

Билдирмеге караганда, Баткен облусунун 50 жаштагы тургуну ири өлчөмдөгү акчага алдап кетүү беренеси боюнча айыпталып, Баткен шаардык милициясы тарабынан издөө жарыяланган.

Бактыңды ачып берем деп... Ошто адамдарды алдады деген шектүү аял кармалды. Сүрөт

Кармалган аял кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Москва — Бишкек чартердик авиакаттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлүп, андан ары Баткен шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген.



Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20200728/1049150285/moskvada-izoodo-zhurgon-ayal-karmaldy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад