DataLife Engine > Баткен жаңылыктары > Баткенде үйдөн 100 миң сом уурдаган шектүү аял кармалды

Баткенде үйдөн 100 миң сом уурдаган шектүү аял кармалды

Кадамжай районунда 100 миң сом уурдоого шектүү адам кармалганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну жашаган турак үйүнөн белгисиз адам 100 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кадамжай РИИБде КЖБРге Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграциягы каршы аракеттенүү кызматы Ош облусуна караштуу Араван районунун 29 жаштагы М.К. аттуу тургунун аныктап, кармап келишкен.

Уурдалган акча өз ээсине кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


 
https://batken.turmush.kg/news:441015скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад