DataLife Engine > Баткен жаңылыктары > Баткенде сел агызып кеткен көпүрөлөр оңдолуп жатат

Баткенде сел агызып кеткен көпүрөлөр оңдолуп жатат

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Кыштут айыл аймагындагы көпүрөлөрдүн курулушу менен жеринде таанышып чыкты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 19-20-июль күндөрү катуу жааган жамгырдан улам Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Согмент айылдарында сел жүрүп, Газ айылындагы борбордук көчөсүндөгү, Сай участкасындагы көпүрөнү ошондой эле Согмент айылындагы көпүрөнү толугу менен кеткен. Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көпүрөлөрдү калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Учурда Согмент айылындагы узундугу 11 метр болгон көпүрө бүткөрүлүп пайдаланууга берүү алдында турат. Ал эми Газ айылындагы узундугу 10 метр болгон көпүрөлөрдүн курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

 

https://batken.turmush.kg/news:451173

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад