DataLife Engine > Баткен жаңылыктары / Коопсуздук / Коом жана проблемалар > Баткенде 6 миллион сомдук дарыларды башка өлкөлөргө ташууга шектелген адамдар кармалды

Баткенде 6 миллион сомдук дарыларды башка өлкөлөргө ташууга шектелген адамдар кармалды

Маалыматка караганда, Баткен районунун 23 жаштагы тургуну С.Н.М. менен Араван районунун Төө-Моюн айылынын 51 жаштагы тургуну М.Г.Т. улуттар аралык кылмыштуу топ түзүшкөн. Алар Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстандын аймактары аркылуу аткезчилик менен келген 15 миң 40 даана «Левонекст» «Левофлоксацин» аталышындагы дарыларды (жалпы суммасы 6 млн 16 миң сом) кыргыз-тажик чек аралары эки тараптуу жабык экендигине карабастан Баткен районунун Чоң-Талаа айылынан Кызыл-Кыя шаарына жеткизип, андан ары Араван районунун ТөөМоюн айыл аймагынан Өзбекстанга өткөрүп жүрүшкөн.
 
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5- пункту (контрабанда) боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. 
 
Источник: https://batken.turmush.kg/news:484878
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад