Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
16:17
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
16:12
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?
15:44
Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу
16:13
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
16:05
Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду
14:05
Бишкекте такси айдаган кыздын сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды
10:50
Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат
10:42
Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график
11:53
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
11:17
Борбордогу жаңы паркка бак тигип кетиңиз. Мэриянын жаңы акциясы
10:40
Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
12:26
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
12:19
Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт
11:45
Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат
10:25
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
Бардык кабарлар

Сүрөт: Полковник, Капитан, Лейтенант, Майор — аскер наамдарынын аты ыйгарылган бир туугандар

Ош жаңылыктары
405
0
Turmush -  Тарыхчылар, санжырачылар балага коюлган ысым анын тагдырына, мүнөзүнө таасир берерин айтып келишет. Ал эми айрымдар ысымын өзгөртүүнү каалашса, кээ бири ысымы менен сыймыктанат. Turmush басылмасынын кабарчылары өзгөчө ысымдуу жашоочулар менен тааныштырууну улантат.

Улуу Ата Мекендик согушта кан кечкен Мамы Үсөнов уулдарына Генерал Панфилов, Полковник, Капитан, Лейтенант, Майор деген ысымдарды ыйгарган. Аскер даражаларынын аты ыйгарылган бир туугандардын бири — 61 жаштагы Полковник Үсөнов Ош шаарынын тургуну.

Анын атын уккандар аскер кызматынан полковник даражасына жеткен го деп ойлошот. Ысымым көп адамдарда таң калууну жаратат деген П.Үсөнов атын өзгөртүп айтып койгон учурлар болгонун айтат.

«Чоң аталарыбыз аары кармап, бал саткан адам болгон. Атам катардагы эле жоокер болуп барып, Панфиловдун дивизиясында кызмат кылган. Бул атам үчүн чоң сыймык болгон. Ал жердеги командир, полковниктерге суктанып, ошондон улам аттарыбызды аскердик наамдардын атынан койгон. Атам согушка кеткенге чейин апам 9 бала төрөп, андан төртөө эле аман калат. Согушка чейин төрөлгөн балдарына Акун, Искендер сыяктуу ысымдарды ыйгарган. Согуштан келген соң 6 уул, 1 кыздуу болушат. Эң улуусун Капитан, андан кийинкилерин Лейтенант, Полковник, Генерал Панфилов, Майор деп атаган. Арабызда бойлуу балбаныбыз бар, ага Семетей деп ат койгон. Карындашыбыздын аты Пазилат, аны катардагы аскер болосуң деп Сержант деп койчубуз» - дейт Полковник Үсөнөв.
Полковник Үсөнов уулу менен
 
 
 
Генерал Панфилов аттуу бир тууганы 4 жашында чарчап калганда, апасы «каза болгон адамдын ысымын ыйгарбай эле койбой» деп кайгырган.

«Аскердик кызматты Казакстандын Алмата, Кордай шаарларында, Вена, Кавказда да өтөдүм. Катарда турганыбызда аты-жөнүбүздү окуп жатып мага келгенде, "Капитан Үсөнөв Полковник" деп окуп алып, ката окуп алдымбы деп кайра окушчу. Кээ бир жаңы жоокерлер "жолдош полковник" деп (честь) салам берип алышса, күлүп калабыз. Өзүбүздөн улуу агалар мас болуп алып, "атың ким?" деп сураганда Коңурбай деп коет элем. Коңурбай Манас баатырга татыктуу душман болгон.

Кызым 2 жашында сарык менен ооруп, ооруканага жатып калды. Ал убакта облустук комитеттин эки чоң дүкөнүндө башчы болуп иштечүмүн. Ооруканага комитеттин унаасы менен барсам, медайымдар кызымды көтөрүп, тикесинен туруп калышар эле. Фамилиясы Полковникова болгондуктан аялыма да жакшы мамиле жасашыптыр. Союз убагында полковник деген наам укмуш эле», - деди ал.

Кыргыздарда жолдо төрөлгөн балага Жолчу деп ат коюшса, Полковник Үсөнов жолдо төрөлгөн уулун Путин деп атаган. Бирок мектепти аяктаган соң Путин ысымын Аскат деп өзгөртүшкөн.

«Өзгөнгө бара жатканда жолдо төрөлгөн кичүү уулумду Путин деп атагам. Мектепте да Полковников Путин болуп жүрдү. Архивдеги документтерден кыйналып эле атын өзгөртүүгө туура келди. Үйдө Путин эле дейбиз», - деди Полковник мырза.

Полковник Үсөнөв 6 кыз жана 2 уулдун атасы. Ал учурда запастагы подполковник.

«Учурда пенсиядамын. Көп жумуштарга чакыруулар болду. Бирок 2-3 миң сом үчүн жаш жигиттердин кол астында иштегим келбейт. Андан көрө ар бир балама күнүнө 100 сомдон салык салып койсом, бир күндө 800 сом чогултам. Үйдө аскердик тартип сакталат. Балдарыма жеп жаткан ар бир ырыскыңдын жарымы ата-энеңдин акысы деп айтам», - деди ал.

Уулдарына өзгөчө ысымдарды ыйгарган Мамы ата согуштан келген соң, ооруп жүрүп 1950-жылы каза болгон. Полковник Үсөнов согушка катышкандардын аты-жөнүн жаздырып, үйүнө илип алган.

«Согушка катышкандардын баары — баатыр. Беш жыл согушта кан кечип жүрүүнүн өзү баатырлык. Жеңиш күнүндө "Өлбөс полк” жүрүшүнө чыккыла деп айылдаштарымды үндөп келем. Согуш майданында ашпозчулук кылган адамдын да жеңишке салымы зор. Биздин ысымдар жеңиштен алган белегибиз», - дейт П.Үсөнов.

http://osh.turmush.kg/news:350934
скачать dle 11.0фильмы бесплатно