Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Ош шаарынын эң мыкты 10 мектеби аныкталды Толугураак

Ош жаңылыктары
4 684
0
27-август күнү Ош шаарында мугалимдердин август педагогикалык кеңешмеси өттү. Ага Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Билим берүү жана илим минстрлигинен өкүлдөр жана шаардагы мектептердин мугалимдери катышты.

Кеңешменин алдында шаардагы мектеп мугалимдеринин жана окуучулардын колунан жасалган буюмдар жана көрсөтмө куралдар көргөзмөгө коюлду. Андан соң кеңешменин расмий ачылуу аземи болуп, анда шаар мэри Т.Сарыбашов шаардагы мектептерде коррупциялык көрүнүштөр айтылып жатканына токтолду.

Шаардагы мектептердин мыкты мугалимдери, республикалык жана шаардык олимпиадаларда мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон мектептер менен бала бакчалардын жамааты калаа мэри жана шаардык кеңештин төрагасы тарабынан Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Асанов буга чейин жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыккандыгын, анда жалпы эсепте Ош шаары 2-орунда экендигин, бирок ошол эле убакта «алтын» сертификаттардын саны боюнча Бишкек шаары бир катар алдыга оозуп кеткенине токтолуп, бул жаатта Ош шаары ЖМК сынына кабылгандыгын айтып, буларга токтолду.

«Буга чейин билим берүү жаатында Ош шаары ЖМКда кескин сынга алынган. Биз андагы сындарды туура кабыл алып, мындан жыйынтык чыгарууга аракет кылып жатабыз. Учурда Ош шаарындагы орус тилдүү мектептерде башталгыч класстарынын мугалимдери жетишсиз. Буга чейин орус тилдүү мугалимдер эки кезекте сабак берип келгени баарыбызга белгилүү. Ошондой эле биз билим берүү багытында алдыңкы 10 мектептин жана артта калган 10 мектептин рейтингин чыгардык», - деди А.Асанов.

Ош шаарындагы алдыңкы 10 мектеп:
1. «Олимп» мектеп-гимназиясы;
2. №32 орто мектеби;
3. №52 орто мектеби;
4. №20 орто мектеби;
5. №14 орто мектеби;
6. №18 орто мектеби;
7. №3 орто мектеби;
8. №38 орто мектеби;
9. №27 орто мектеби;
10. №6 мектеби.

Ал эми акыркы ондукта калган мектептер:
1. №34 орто мектеби;
2. №45 орто мектеби;
3. №19 орто мектеби;
4. №22 орто мектеби;
5. №33 орто мектеби;
6. №24 орто мектеби;
7. №29 орто мектеби;
8. №46 орто мектеби;
9. №49 орто мектеби;
10. №51 мектеп.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Ош шаарынын билим дэңгээли төмөндөп кеткени боюнча жазылган. Бул маселе боюнча мэр Т.Сарыбашов кескин чаралар көрүлөрүн айтып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Асановго конкреттүү иштерди жасоо, коррупция менен айыпталган мектептер менен бала бакчалардын директорлорун иштен алуусун жана 30-40 жылдан бери бир мектепте директор болуп эмгектенип жүргөндөрдүн иш ордун караштыруусун буйруган.

Ош шаары боюнча жалпы 3 миңдей мугалим эмгектенет. 
Толугураак 
 
https://bilim.akipress.org/kg/news:351070?place=choice&from=pro26
скачать dle 11.0фильмы бесплатно