Ош шаарындагы социалдык объектилер менен көп кабаттуу үйлөргө 1-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Ага ылайык, тийиштүү буйрукка калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов кол койгон.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20181030/1041780663/osh-zhyluuluk-beruu.html
Шаардагы саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин айрымдары 29-октябрдан тарта жылытыла баштаган.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарына жылуулук 18-октябрдан тарта берилген.
Ал ортодо Нарын шаарынын борбордук бөлүгү он күнгө жылуулуксуз калды.