Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
23:25
Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
23:24
Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек жоюлду
23:25
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди
23:28
Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат
22:07
Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты
23:26
Кыргызстандык академик чек арадагы көйгөйлөрдөн улам казак бийлигине кайрылды
23:34
ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө
22:51
ЕАЭБде курулуш темпи активдешти. ЕЭКтин алты ай боюнча маалыматы
23:30
Трансулуттук УКТ мүчөсү кыргызстандыктын $1,8 млн криптовалютасын ээлеп алган
23:26
Администрация: Садыр Жапаров “Барселонанын” легендалары менен таймашат
23:17
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
23:43
Өлүмдөн кийинки өмүр. Бүгүн ырчы Виктор Цой эскерилүүдө
23:03
ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
23:02
Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи
23:01
Санкт-Петербургда кыргызстандык таксист келиндин төрөтүнө жардам берди
22:58
Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады
22:57
КМШ оюндары. Самбо боюнча курама команда 3 медаль жеңди
22:56
КМШ оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы күмүш медаль багындырды
22:51
Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты
22:48
Адистер кечки тамактан баш тартуу эрте өлүмгө кептээрин билдирди
22:18
КМШ оюндарында дагы бир күмүш! Мушкер Алмаз Орозбеков медаль тагынды
Бардык кабарлар

Өзгөндө өз кызын зордуктаган атанын акыл-эси жайында болгон. Өспүрүм 7 айлык кош бойлуу

Ош жаңылыктары
1 413
0
Буга чейин Өзгөндө 15 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кыздын атасы кармалган. Атасы күнөөсүн мойнуна алып, авто кырсыктан кийин акыл-эси жайында эместигин билдирген. Бирок экспертизанын жыйынтыгында анын акыл-эси жайында болгон деген бүтүм чыккан. Кармалган жаранга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, 11-март күнү анын иши Өзгөн райондук сотуна өткөрүлгөн. Ал тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган.

Учурда кыздын 7 айлык боюнда бар. Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борбору маалымдагандай, учурда кыздын абалы жакшы. Ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.


Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчылары окуянын чоо-жайын билүү үчүн жабырлануучу кыз окуган мектепке барып келишкен.

Мектептин директору Муктаржан Насыровдун айтымында, окуучусу орто баага окуп, сабактарды калтырбай барып жүргөн.

«Ал кыз кошуна айылдан каттап, 3 чакырым жол жүрөт. Мүнөзү оор, орто окуган кыз эле. Акыркы күндөргө чейин андан эч кандай өзгөрүүлөрдү байкаган жокпуз. Сабактарга убагында келип жүргөн. Ата-энелер чогулушуна атасы катышчу (апасы көз жумган). Акыркы учурда мектепке келбей калганынан класс жетекчиси үйүнө барып кабар алганда ал ооруп жатканын айткан экен. Андан кийин эле ушул көрүнүш болуп кетти», - деген Муктаржан Насыров.

Ал эми кош бойлуу кыздын класс жетекчиси Гүлнура Касымбекова окуучу кыздын мектепке кийгенге кышкы кийимдери да жок болгонун айткан.

«Сабактарга келип эле жүргөн. Акыркы учурларда келбей калганынан үйүнө бардым. Ал кышкы бут кийими жана башка жылуу кийимдери жок экенин айтты. Классташтары менен сүйлөшүп, жылуу кийим алууга жардам бердик. Бул окуя тууралуу мени милиция бөлүмүнө чакырышкандан кийин уктум. Окуянын чын же жалган экенин билүү үчүн өзү менен сүйлөштүм. Ал чындап эле окуя дал ошондой болгонун айтып берди. Июнь айынан бери бул окуя уланып келгенин жана атасы "бирөөгө ооз ачсаң өлтүрөм" деп коркутуп жүргөнүн айтты», - деген Гүлнура Касымбекова.

Мектеп директору өспүрүм кыз бир тууган агалары менен чогуу жашабаганын билдирген. Ал эми айыл өкмөттүн социалдык коргоо бөлүмүнүн адиси Абдималик Мырзаев 5 бир тууган бир үйдө жашап келгенин жана алар аз камсыз үй-бүлө экенин белгилеген.

«Алар аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турат. Мамлекет тарабынан эч кандай жөлөк пул алышпайт. Айыл өкмөт тарабынан көмүр жана акчалай жардам бергенбиз. Негизи кыз 5 бир тууган, эки агасы жана эки иниси бар. Жабырлануучу кыз атасы менен бир үйдө жашаган. Учурда анын инилери Өзгөн районундагы балдар жатак интернатына өткөрүлүп берилди. Атасы психикалык оору менен ооруп жүргөнү белгилүү. Учурда биздин айыл өкмөттө каттоодо турат», - деген Абдималик Мырзаев.
Ошол эле айылдагы ФАПтын кызматкеринин айтымында, өспүрүм кыз медициналык кароодон өткөндөн кийин гана кош бойлуу экени белгилүү болгон.

«Окуя болгон айылда медайым болуп иштейм. Ал кызды жакшы тааныйм, экөөбүз жакшы сүйлөшчүбүз. Үй-бүлөсүнүн абалын да жакшы билчүмүн. Ошондой болсо да ал кыз мага буга чейин окуя тууралуу айтпаганы өкүндүрөт. Курсагы чоңоюп, бала 26 жумалык болуп кетиптир. Курсагы билинип калганынан этек кири качан келгенин сурасам "билбейм" деп жооп берди. Ичин кармап көрсөм катуу болуп, аны дарыгерге алып бардым. Ошол жерден боюнда бар экени аныкталды. Каттоого алып, милицияга кабар бердик. Өзүнүн айтымында бул окуя жаздан бери уланып келе жатыптыр», - деген медайым.

Өспүрүм кызды мугалимдери орто баага окуганын айтса, «Ак жүрөк» кризистик борборунун Оштогу жетекчиси Дарика Асилбекова ал сабатсыз экенин жана жаза албай тургандыгын белгилеген

«Тилекке каршы мындай көрүнүш жылдан жылга өсүп бара жатат. 2018-жылы 12ден ашык кыз сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган. Болгондо да алар жакындары тарабынан зордукталгандар болуп жатат. Алар 15 жашка толо элек өспүрүм кыздар. Мындай кыздардын көпчүлүгүнүн энеси жок. Ошондой эле кызынын жашоосуна кайдыгер караган энелер да себеп болууда.

Ал кыз учурда дарыгерлер жана психологдордун көзөмөлүндө. Оорулуу бала төрөлүп калбашы үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Өспүрүм чындыгында өз атасы зордуктаганын, атасынан башка адам тийбегенин айтты», - деген Дарика Асилбекова.
http://www.turmush.kg/news:361729?from=turmush&place=byregion

скачать dle 11.0фильмы бесплатно