Бүгүн:

Акыркы кабарлар

11:36
Алмазбек Атамбаев суракка барар-барбасын айтты
10:49
Унутулган рюкзак полицияны убара кылып, элди дүрбөттү. Казакстандагы окуя
10:47
Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишканалар түзүлдү. Милдеттери
09:33
Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео
09:31
Жалгыз уулу эле... Кырсык тооруган Абдылдаевдин үй-бүлөсүнүн таржымалы
13:03
Нарында суу жээктерине эскертүү такталары орнотулду
10:20
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
10:10
Екатеринбургдан чыгып кайра шашылыш конгон учак “Кант” базасына келе жаткан
14:24
Жээнбеков: кутулуп кетем деп ойлобогула, тынчтык бербейм!
10:48
Ысык-Көлгө жай бою төрт шаардан учак каттайт
10:44
Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр
15:34
Милиция бөлүмүнөн качып кеткен киши "Ош" базарынан кармалды
15:14
Сүрөттөн чыккан ызы-чуу: казак бийлиги чатактын чоо-жайын айтты
14:56
Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди
11:47
Бишкек мэринин орун басарлары дагы көчмө жыйын өткөрө баштады
11:37
Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
13:01
Башкы прокурор: Атамбаевге каршы Батукаевдин көрсөтмөсү бар
12:59
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
12:56
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
11:54
Көлдөгү жол кырсыктан бир кыз каза болду. Тамтыгы чыккан унаанын видеосу
13:01
Айыл турмушу: «Шумкар» полкунун кызматкери Ч.Чалабаевдин спорттогу ийгиликтери
10:02
Атамбаевдин кеңешчиси экс-президенттин банктагы эсеби боюнча үн катты
09:42
Атамбаевдин "иши". Иманалиев мындан аркы кадамдар тууралуу айтып берди
09:15
"Ош" базарындагы башаламан соода менен күрөш уланууда. Сүрөттөр
09:12
Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду
13:51
Аялдар эмнеге стресс болот? Окумуштуулар негизги себеби тууралуу
17:23
Бишкектин борборунда сары футболкачан адамдар митингге чыкты. Талабы эмне
16:57
Көлдүн Сырт аймагынан ок жеген аялдын сөөгү табылды
16:55
6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео
16:42
150 миң доллар пара алды делген Илмияновдун иши боюнча тергөө аяктады
11:20
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү
12:03
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
12:02
Мэрия сатылып кеткен 5 гектар жерди Бишкектин менчигине кайтарып алды
11:41
Бишкекте 12 өлкөнү бириктирген ШКУ саммити өтүүдө. Тексттик трансляция
15:35
«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырышканбы же кыз зордукталганбы?
15:30
Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр
14:56
Бишкектеги ШКУ саммити. Учурда эмне болуп жатат
10:39
Кыргызстанда активдүү мигранттар үчүн жайкы лагерь иш алып барат
10:34
Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты. Сүрөттөр
10:32
Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
17:19
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу
17:18
Өзү билип аскер бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенген жоокер кармалды
17:15
Чагымчылдык! Кеңешчиси Атамбаевдин айдоочулук күбөлүгү тууралуу үн катты
14:59
Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
13:21
Балыкчыдагы батут кырсыгы: 3 жашар кыздын абалы оор
Бардык кабарлар

Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. "Ош" базарындагы ызы-чуунун видеосу

Ош жаңылыктары / Видео / Коом жана проблемалар
83
0


Аталган базарда бир суткадан бери электр жарыгы жок. Мунун кесепетинен сүт, эт азыктары бузулуп, жарактан чыгууда. Эл базарга кире турган көпүрөнү бузуп жетекчилик ар жактан кысып жатат дейт соодагерлер. Базардын күзөтчүлөрү да кетип калып, эки күндөн бери 20-30 соодагер чогулуп түнү менен өздөрү кайтарууда. Бүгүн эртең менен базарга киргизбей, дарбазаны бекитип койгондо күчкө салып ачып кирдик дешти.

Белгилей кетсек, "Берекет универсал" кичи базарынын директорунун орун басары Эсен Саматбаев буга чейин ал жерге соода комплекси курула турганын айткан.

 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы барып ара жолдо калган сатуучулардын үнүн угуп келди.

Соодагер Анара Мурзабекова кечээтен бери базарда электр энергиясы жок болгондуктан муздаткычтар иштебей 35-40 миң сомдой чыгымга учураганын айтып берди.

"Мына карагыла, тоок эти, колбаса жана сүт азыктары бузулуп кетти. Канча чыгым тарттык, базар жетекчилиги компенсация төлөп берсин эми. Бүгүн келсек да свет жок, дарбазаны жаап бизди иштетпей жатат. Күнүгө ушул көйгөй, эмне кылышты билбей калдык", — деп арызданды Мурзабекова.

Базардын жабылышына нааразы болгон кардарлар дагы бар. Алар бул жерде азык-түлүктөр алда канча арзан экенин, башка жакка көчүрсө баасы кымбаттай турганын айтып өттү.

Арыз-муңун айткан соодагерлер бүгүн да базар администрациясынын алдына чогулган. Алар менен Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев жолукту.

Соодагер Бакыт Сейдалиев бир гана адам өз кызыкчылыгын көздөп базарды жаап жатканын айтып, бийлик органдарынын буга унчукпай отурганына нааразы болду.

"Эч ким башаламандык кылбайт. Эптеп жанын багып жаткан элге тийбей эле койгулачы. Мамлекеттин бюджети дотацияда турат. Кечээ премьер-министр "көмүскө экономиканы" каяктан табам?" деди. Ушул жерге келсин, акчаны мен таап берем. Россия же Казакстанда эмеспиз, өз жерибизде кор бололубу эми? Базардын жарымы муниципалдык жер. Биз инвестор болуп акча чогулталы, ошол соода комплексин силер кургула. Акча мамлекетке түшсүн. Азыр бир ишкерди эле байытып жатабыз", — деп кайрылды соодагер акимдин орун басарына.

 

Бийликтин өкүлү Чыныбаев бул жерге соода комплексин куруу боюнча базар жетекчилиги акимиатка кайрылбаганын билдирди.

"Бул базардын кайсы бөлүгү мэрияга тиешелүү жер экенин так айта албайм. Айрым жери жеке менчик, айрым бөлүгү муниципалдык жер. Аны ижарага алып иштетет. Базарды жабууга мамлекеттик органдар кийлигише албайт. Бул жеке ишкана менен соодагерлердин ортосундагы иш болуп саналат. Ал эми базардын жетекчилиги соода комплексин куруу боюнча документ тапшырган эмес. Бизге кайрылса, анан мыйзамдуулугун карап көрөбүз", — деди Чыныбаев.

Акимдин орун басары "бул жерде соодагерлердин укугу тебеленүүдөбү же мыйзам бузулуп жатабы?" деген суроого комментарий берүүдөн баш тартты.

Аягында соодагерлер базардын администрациясына барып эч кимди таппай чыгышты. Иш бөлмөсү бек экен.

Эскерте кетсек, Ош" базарында былтыр январдан апрель айына чейин үч ирет ири өрт чыгып, жүздөгөн соодагерлер миллиондогон чыгымга учураган. Үчөөндө тең кырсык түндө же таңга маал, эл базарга келе электе болгон. Биринчиси 30-январда чыгып 3500 чарчы метрди, экинчиси 5-мартта болуп 700 чарчы метрди жалмаган. Үчүнчүсү 13-апрелде "Берекет" кичи базарынан чыгып 5400 чарчы метри күйүп кеткен. Анын ордуна азыр соода комплекси курулган. Азыр ошонун жанында иштегендердин базары жабылып, жаңы имараттан күркө сатып алууга мажбурланууда.

 

Өрт кырсыгы катталган ар бир учурда кылмыш иши козголгон. Үчүнчү өрт боюнча айыпталып "Берекет" базарынын директору менен өрт коопсуздугу боюнча жоопкер кызматкер кармалган болчу. Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы үч өрткө айыпкер катары кимдир бирөө жоопко тартылып же тартылбаганы боюнча маалымат бере элек.

Дагы: https://sputnik.kg/video/20190416/1043991590/osh-bazary-yzy-chuu-soodager-zhabuu.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно