
Анын айтымында, көп кабаттуу үй бардык шарттары менен курулат. Аны куруу үчүн тендердин жеңүүчүсү ушул жылдын 10-майына чейин аныкталат.

«9 кабаттуу үйдө 80 батир болот. Анын 50 пайызы 2 бөлмөлүү, 30 пайызы бир бөлмөлүү, 20 пайызы 3 бөлмөлүү болуп курулат. Аталган үй буга чейин ипотекалык үйлөрдү сатуудан келип түшкөн каражатка курула турган болду. Учурда долбоору толугу менен даярдалып бүттү. 10-майга чейин тендер жарыяланат.

Тендердин талабы — 1 чарчы метр 320 доллардан ашпаш керек. Азыр сметалык баасы аныктала элек. Үй алуучуларга 6 пайыздык үстөк менен 12 жылга берилет», - деди К.Абдрахманов.
Көп кабаттуу үй 28 сотых жерге салынат.
http://www.turmush.kg/news:365449?from=turmush&place=byregion