Бүгүн:

Акыркы кабарлар

18:00
Кыргызстан менен Тажикстан аскердик түзүлүштөрдү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарууну макулдашты
22:59
Токтогулдагы суунун көлөмү апрелде 8 млрд куб метрдин тегерегинде болот
22:56
Учурда электр энергиясы кантип таратылууда? Энергошакекче тууралуу 6 суроого жооп
22:54
Кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө талкууланды
22:54
Эдил Байсалов: Адам капиталына инвестициялоо көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет
22:53
Япония менен КРнын ортосундагы дипмамилелерге 30 жыл. Япониянын премьери Садыр Жапаровду куттуктады
22:53
Кыргызстандын бардык аймагына электр энергиясы берилди
22:50
Президент Садыр Жапаров “БА мамлекеттери – Кытай” онлайн-саммитинде сөз сүйлөдү
22:49
Кыргызстан Йемендин аймагынан Сауд Аравиянын шаарларына болгон ракеталык чабуулду кескин айыптайт
19:09
Садыр Жапаров высказал мнение по проекту железной дороги Китай — КР — РУз
23:57
"Тазалык" ишканасына механикалык көчө шыпыргыч машиналар берилди
23:57
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Себеби?
11:29
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Себеби?
23:35
Болот Темиров өзүнө каршы чагым болгонун билдирди
23:32
Кыргызстандын төрагалыгы астында ЕЭК биринчи кеңешмеси өттү
23:27
"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факты
23:26
Акылбек Жапаров Жер-Үй кенине барды
19:15
Эл менен талкуулаш керек! Министрлик Кыргызстанда АЭСтин курулушу боюнча үн катты
19:12
ТИМ Казакстанга нота тапшырып, сабалган Сыдыковго компенсация талап кылды
23:42
Азык-түлүк кымбаттап эле баратат. Арзандатуунун жолу барбы?
23:40
Кыргызстан алтынчы сапта. Суюлтулган газдын баасы боюнча дүйнөлүк рейтинг
23:35
Байсалов: Коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы Кыргызстандын бүт аймагына жайылды
23:35
Президент 2022-жылдын республикалык бюджетине кол койду
22:28
2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?
22:23
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду
22:23
Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду
23:45
Январь айына 500 млн доллар менен кирдик – президент
23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
Бардык кабарлар

«Бизди кечир»: Индиядан боорун алмаштырып келген Мээргүл кечээ өмүр менен кош айтышты

Ош жаңылыктары
482
0

Индия өлкөсүнөн боорун алмаштырып келген 25 жаштагы Мээргүл Анарбек кызы кечээ, 19-майда каза болду. Бул тууралуу кайрымдуулук фонддун жеткечиси Медер Сапарбаев билдирди.

Мээргүл Анарбек кызы боор оорусунун цирроз түрү менен ооруп, 2018-жылы Индияга барып, боорун операция жолу менен алмаштырып келген эле. Ага анын апасы донор болуп, боорунун жарымын берген болчу.

«Биз Мээргүлдү сактап кала албадык. Мээргүл бизди кечир. Кечээ, 19-майда түнкү саат 04:00 чамасында көз жумду. Апасын, бир тууганын багам деп, бөтөн элде кара жумуш кылып жүрүп ушул абалга келген.

Мээргүл балачагынан эле жакшылык көрбөй өскөн кыз эле. Мынчалык кыйынчылыкка татыктуу эмес болчу. Аракетчил, мээнеткеч, намыскөй кыз болчу. 10 гүлүнүн 1 гүлү ачылбай кетип калды. Аны сактап калуу үчүн кыргыз эли колдон келишинче жардам берди. Ажал экен, эч нерсеге карабай алып кетти. Баары кудайдын колунда экен. Азыр өзүмдүн да кабыргам кайышып турат», - деди Медер Сапарбаев.

---------------------------------------------------------------------------------

15 жашында мигрант болуп, кийин катуу ооруга чалдыккан Мээрим операциядан чыкты. Индияда жасалган операция 13 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктаган. 25 жаштагы Мээримге өзүнүн апасы донор болгонун алардын абалынан кабар алып келген Медер Сапарбаев билдирди.

Мээрим буга чейин боор (цирроз) оорусу менен жабыркап келген. Кыргызстандагы дарыгерлер убакыт тар экенин айтып, акыркы күндөрү үйүнө чыгарышкан эле. Учурда Мээрим менен апасынын абалы жакшы. 

«13 саат бою операция жасалды. Буга чейин көп кыйынчылык көрдү. Тилекке каршы мындай операциялар бизде жасалбайт экен. Азыркы учурда экөөнүн тең абалы жакшы.

Мээрим бир ай Индиянын ооруканасында жатып, анализдин жыйынтыктары чыкканда Кыргызстанга келет. Бул жерде баса белгилеп кете турган нерсе, Мээримгүлдүн ден соолугуна кайдыгер карабаган кыргыз элине ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деди Медер Сапарбаев.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысына атасынан эрте ажырап, апасы, бир туугандары менен үйүнөн куулуп чыккан Мээримгүлдүн тагдыры тууралуу туугандары айтып беришкен.

Мээрим

«Мээрим 15 жашында көр оокаттын айынан Россиянын Самара шаарына кеткен. Алгач 5 миң рубль айлыкка бала багуучу болуп иштеди. Кийинчерээк пол жууду, ар кандай жумуштарды жасап жүрдү. 18 жашка толгондо Кыргызстанга келип паспорт алып, кайра Россияга кетти. Биз ошондо эми турмушка чык десек "мен күйөөгө тийип кетсем апамдын абалы эмне болот? Жакындарымды үйлүү-жайлуу кылайын” деп, кийин үй-бүлөсү менен бирге Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан үй алышты эле.

Мээрим ооруганга чейин

Мээрим (3)

Эки жыл мурда Кыргызстанга келип, ошол үйүн оңдоп-түзөп, кайрадан Россияга кетем дегенде ден соолугунан кыйналып калды. "Бөйрөгүм ооруп жатат” деп оорусуна маани бербестен түрдүү дарыларды өз алдынча ичип жүрө бериптир», - деген Мээримдин таежеси Б.Таштанбекова.

Жакындарынын айтымында, Мээримгүл ошол бойдон ден соолугуна маани бербей, иштеп жүрө берген. Арадан 1 жылдай убакыт өтүп, оору күчөй баштаганда гана ооруканага кайрылышкан.

«Чыдатпай ооруй бергенде 2017-жылы бейтапканага анализ тапшырышкан. Жыйынтыгы боорунда курту бар деп чыгыптыр. "Боору чоңоюп кетиптир, аябай кеч кайрылгансыңар” деген дарыгерлер операция жасашып, боорунун көпчүлүк бөлүгүн алып салышкан. Бирок операциядан кийин абалы начарлап, чачтары түшүп калды. Кайра ооруканага кайрылсак "биз кабыл ала албайбыз” деп дарыгерлер карабай жатат. Азыр өпкөсүнө улам суу толуп, бир жумада беш литрден суу алдырып жатабыз. Дарыгерлер "тездеткиле, убактыңар аз, бир ай дагы убакыт калбады” деп жатышат», - деген М.Таштанбекова.

Мээрим

Мындан улам Мээримгүлдүн жакындары элден жардам сурап кайрылууга мажбур болушкан.

Мээрим (2)


скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик