Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Ошко Өзбекстандын акын-жазуучулары келип, эки тилде китеп чыгарууну талкуулашты

Ош жаңылыктары
1 455
0
Өзбекстандын жана Кыргызстандын акын-жазуучулары «Жүз ыр» аттуу китепти эки тилде басып чыгарууну макулдашты. Бул тууралуу 19-июнда Ош шаарында өткөн кыргыз-өзбек акын-жазуучулардын жолугушуусунда белгилүү болду.

Иш-чарага Өзбекстандын Андижан, Наманган облустарынан жана Ташкент шаарынан жалпы 7 акын, жазуучу келген. Ош шаардык жазуучулар союзунун төрагасы Төрөбай Жороевдин айтымында, аталган жолугушуу эки элдин ортосундагы ынтымакты чыңдоого багытталган.

«Өзбекстандан келген акын, жазуучулар менен канткенде эки элдин чыгармаларын бири-бирибизге тааныта алабыз, кайсы багытта көбүрөөк иштешсек болот деген багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. "Адабият достугу — эл достугу" деп бекеринен айтылган эмес. Себеби учурда Өзбекстанда Чыңгыз Айматовдун ысымы көчөлөргө коюлуп, айкели тургузулду. Анын чыгармалары өзбек тилдерине да которулууда», - дейт Т.Жороев.

Өзбекстан Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын биринчи орун басары Минхожиддин Мирзо Хожиматов алар кыргызстандык жазуучулардын айрым чыгармаларын өзбек тилине которууга кызыкдар экенин билдирди.

«Эки элдин адабиятын, маданиятын кеңири талкууладык жана кыргыз жазуучуларынын тандалма чыгармаларын өзбек тилине которууну сүйлөштүк. Ошондой эле өзбек адабиятындагы чыгармаларды кыргыз тилине которуу боюнча маселелер көтөрүлдү. Кыргызстандык жазуучу, акын досторубуз бизди эң жогорку деңгээлде тосуп алышты», - деди М.Хожиматов.
Андан тышкары Өзбекстандан келген делегацияны өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев да кабыл алды. Жолугушууда 1975-жылдан 1995-жылга чейин чыккан 20 акындын ырлар жыйнагын «Жүз ыр» деген аталышта эки тилде басып чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Өзбекстандан келген акын, жазуучулардын делегациясы:

- Өзбекстан Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын биринчи орун басары Минхожиддин Мирзо Хожиматов;

- Өзбек эл жазуучусу Камчыбек Кенжа;

- Өзбекстандын Улуттук жазуучулар союзунун Наманган облусу боюнча төрагасы Жалолиддин Муслим;

- Өзбекстандын Улуттук жазуулар союзунун Андижан облусу боюнча төрайымы Хуршида Кочкорова;

- Өзбекстандын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Сражиддин Сайид.

- Өзбекстандын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Зиявиддин Маккум;

- «Ешлик» журналынын башкы редактору, Өзбекстандын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Фахриддин Хайит.
http://osh.turmush.kg/news:369570/?from=kg_turmush&place=newstoplastскачать dle 11.0фильмы бесплатно