Анын айтымында, бүгүн эки тараптын жарыш сөздөрү аяктады. 28-июнда өкүм чыгат.
Буга чейин Turmush басылмасы маркумдун жакындары адилет чечим чыгарууну талап кылып, шаардык соттун алдына чогулушканын жазган. Маалыматты толугу менен бул шилтемеден окусаңыз болот.
Окуя тууралуу:
2017-жылы 3-декабрь күнү саат 22:30 чамасында милиция кызматкерлери Ош шаарындагы Н.Исанов көчөсүнө чакыруу боюнча барышкан. Ал жерде унаа токтоочу жайдын артында башы жарылган 18-25 жаштар чамасындагы адамдан жансыз денеси табылган болчу.
Иликтөөнүн жыйынтыгында каза болгон жаран Баткен облусунун Лейлек районунун Даркум айылынын 1999-жылы туулган тургуну С.Дөөлөтбек экени аныкталган. Ал Ош мамлекеттик социалдык университетинде 1-курста билим алып жаткан. Кийин бул окуяга шектүү катары 7 студент жигит кармалып, камакка алынган. Ошондон бери тергөө иштери улантылып келет.
http://osh.turmush.kg/news:369608/?from=kg_turmush&place=newstoplast