Маалыматка караганда, дарыяга «Жигули» үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Анын ичинде 2 эркек, 1 бала – 1976-жылы туулган С.М., 1978-жылы туулган Т.А. жана 2009-жылы туулган Ж.Ш. болгон.
Кечээ, 23-июнь күнү унааны суудан чыгаруу үчүн ӨКМден 3 куткаруучу, 7 суучул, Папан айыл аймагынан 1 экскаватор, 1 кран тартылган. Саат 09:00 чамасында унаанын айдоочусу, 1976-жылы туулган С.М.нын, саат 10:30да 2009-жылы туулган Ж.Ш.нын саат 16:30да 1978-жылы туулган Т.А.нын денелери табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Мындан сырткары унаа дагы суудан чыгарылды.
http://www.turmush.kg/news:369706/?from=kg_turmush&place=newstoplast