Бүгүн:

Акыркы кабарлар

13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
16:18
Жеңиш Разаков Кыргызстандагы кылмыштуулукту азайтуу жолун айтты
15:42
Дарбаза басып калган окуучу. Милиция кырсыктын чоо-жайын айтты
15:20
Мушкер "Тайсонго" Талас Бегалиев таза кандуу аргымак мингизди. Белектин чоо-жайы
13:08
Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды
13:03
Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды
16:26
Чала жан болуп сабалгандар: шектүүнүн милициядагы тууганы иштен бошотулду
16:20
Жээнбеков Абылгазиев менен жолугуп, өкмөттүн негизги милдеттерин эске салды
16:17
Караколдогу №6 мектепке 27 жаштагы жигит директор болду. Сүрөт
16:12
Билим берүү министринин милдетин ким аткарат?
15:44
Кандай эркектер сексуалдуу көрүнөт? Кыз-келиндердин жообу
16:13
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
16:05
Кой-Таштагы окуяны мамлекеттик комиссия иликтемей болду
14:05
Бишкекте такси айдаган кыздын сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды
10:50
Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат
10:42
Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график
11:53
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
11:17
Борбордогу жаңы паркка бак тигип кетиңиз. Мэриянын жаңы акциясы
10:40
Бишкектен Антальяга барчу учак 11 саат кечигип учту
12:26
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
12:19
Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт
11:45
Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат
10:25
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
15:02
Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди
11:15
ИИМ: алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аскер аял Москвадан кармалды
10:33
Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча сунуштама берди
15:10
Достукта "режим" алдын алуу иш чаралары жүргүзүлдү
10:26
Аксыдагы "Кербен" аэропорту учактарды кабыл алууга даяр
09:57
Курсан Асановдун үйүн тинткендер эмне алып кеткенин адвокаты айтып берди
15:55
Спецназдын каза болгон жоокеринин бүлөсүнө кандай жардам берилери айтылды
15:49
Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты
15:47
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
11:51
Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт
12:54
Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди
Бардык кабарлар

Самара Каримова Өзбекстандагы жеке концертинде 7 тилде ырдайт. Ырчы менен маек

Ош жаңылыктары / Интервью
170
0
 Учурда ырчы Ташкент шаарында «Мукуми» театрынын залында өтө турган концертинин сценарийин Өзбекстандын режиссерлору менен бирге түзүп жатат. Аймактык кабарчы С.Каримова менен байланышып, аны менен концерттин алдындагы даярдыктар жөнүндө маектешти.

- Саламатсызбы, Самара айым! Өзбекстанда концерт өткөрүү идеясы кимге таандык?

- Саламатсыздарбы. Орто Азиянын калкы бири-бирине салт-санаасы, үрп-адаты, тили, дини менен аябай жакын жана окшош эл. Буга чейин эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер жанданып, эки тараптуу кызматташуулар жогорку деңгээлге чыкпадыбы. Анын алкагында өзбек маданиятынын өкүлдөрү бир нече жолу Ош шаарына келип кетишкен. Ошто өткөн Өзбек маданиятынын күндөрүндө мен дагы колумдан келишинче кыргыз жана өзбек тилдеринде ырларды аткардым, маданий иш-чараларга катыштым. Ошол учурда Ош шаарына Өзбекстандагы «Мукуми» театрынын директору, Өзбекстандын эл артисти Мырза Азизов, Өзбекстандын маданият министринин орун басары Озодбек Назарбеков келишкен. Мырза Азизов менин клибиме дагы тартылган. Ошол киши менин чыгармачылыгыма кызыгып, баа берип калды. Алар демилге көтөрүп, Өзбекстанда концерт өткөрүүгө чакырды десем туура болот.

- Өзбекстанда концерт өткөрүүнүн кандай өзгөчөлүктөрү бар экен?

- Бул жактын аурасы кескин айырмаланат. Өзбекстанда концерт уюштуруу үчүн чоң топ иштейт экен. Сахна мыкты декарациялар менен кооздолуп, көрүүчүлөргө укмуштуудай маанай тартуулоо үчүн бий топтору кызмат кылат. Жада калса атайын оркестр даярдалып, чыгармаларды анын коштоосунда аткармай болдум.

- Концерт кайсы жерде өтөт?

- «Мукуми» театрынын залында өтө турган болду. Кошумча коюлуучу орундар менен эсептегенде 800 адамга ыңгайлашкан. Концертимдин сценарийин даярдап, уюштуруу иштерине жардам берип жаткан Мырза Азизовго ыраазычылык билдирем. Ал абдан мыкты киши экен. Сценарийди да жогорку деңгээлде даярдады десем болот. Антктени мен элдин алдына чыкканда канча кадам басып, кайсы жерге туруп ырдашым керек, бийчилер кайсы жерден чыгып, кайсы чыгармалар аткарыла турганын деталдуу иштеп чыгууда.
 
- Кыргыз-өзбек чек арасынан өткөндө тоскоолдуктар жаралган жокпу?

- Ушул жерден бир нерсени белгилеп коюшум керек. Чек арадан өтүү абдан оңой болду. Чек арадан өтүш үчүн мага болгону жалпы жарандык паспортум керектелди. Чек ара бекеттериндеги процесстерди жеңилдеткен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге ыраазычылыгымды билдирем. Анткени президенттердин дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки элдин маданият өкүлдөрү бири-бири менен кызматташып жатышат. Өзбекстанга келгенде мени жогорку деңгээлде тосуп алышты. Жергиликтүү телеканалдар байма-бай маек алып, студияларга чакырып жатышат.

- Концертте кыргызстандык ырчылардан кимдер болот?

- Концертте иним Сагынбек Каримов аккордеон менен ырдайт. Кыргыз шоу-бизнесиндеги бир катар ырчыларга да чакырууларды жөнөткөм. Алар бош убактысы болуп калса, келишет.

- Өзбекстандык ырчылардан кимдер катышат?

- Концертке Өзбекстандагы атактуу ырчылар катышат. Азырынча алардын аттарын айтпай эле турайын. Ысымдарын концерттен кийин өзүңүздөр билип аласыздар.

- Концертте көрүүчүлөрдү кандай өзгөчөлүктөр күтөт?

- Ырларды 7 тилде аткарам. Алардын көбүн өзбек жана кыргыз тилдеринде ырдайм. Өзбекстандык ырчылар менен дуэт ырдап чыгабыз. Шаңдуу ырлар көбүрөөк ырдалып, көрүүчүлөргө концерттик маанай тартууланат. Чыгармаларды оркестр коштойт. Театрдын залы жасалгаланып, ордунан жылып турган сахна колдонулат. Ал сахнанын жана залдын ижара акысын «Мукими» театры өз мойнуна алууда. Ошондой эле концертти Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев жана өзбекстандык актриса Дилноза Кубаева алып барат.

- Башка өлкөлөрдө дагы концерт өткөрүүнү пландап жатасызбы?

- Албетте, башка өлкөлөрдө дагы концерт берүүнү пландап жатам. Орто Азиядагы бардык өлкөлөрдө концерт берсем дейм. Өзбекстандан кийин Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде, Москва шаарында концерт коём. Москва шаарындагы концерт 6 миң көрүүчүгө ыңгайлашкан залда өтөт. Ага Тажикстандан, Казакстандан коноктор чакырылат. Анан, албетте отчет катары борбор калаабыз Бишкек шаарында жаңы программа менен концерт берүүнү пландап жатам.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Жеке концертиңизди жогорку деңгээлде өткөрүп алууну каалайбыз.

- Сиздерге да чоң рахмат!
скачать dle 11.0фильмы бесплатно