Ош шаарында эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен 23 жаштагы айдоочу мүрт кетти.
Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 27-июнь күнү саат 20:45тер чамасында Ош — аэропорт жолунун 10-чакырымында болгон. Кара-Суу районунун тургуну өзүнүн Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен.

Натыйжада каршысында келе жаткан Тоyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Кара-Суу районунун 50 жаштагы жашоочусу айдап бара жаткан.

Кырсыктан улам экинчи унаанын айдоочусу менен калган жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттарды алып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Учурда Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190628/1044865898/osh-zhol-kyrsygy-ajdoochu.html