Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:15
Жээнбеков: ар кыл маалыматтарды тараткандар бар, элге түшүндүргүлө
10:09
Парламентте мааракелик той-аштарды чектөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды
10:07
Ката кеткен. Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзам долбоору ЖКга киргизилди
09:59
Президент коронавирустан каза болгон медиктин жакындарына көңүл айтты. Некролог
09:56
Жээнбеков облус жана шаар жетекчилери менен онлайн-жыйын курууда
17:09
Жаалы катуу сел. Нарын аймагындагы суу каптаган жерлердин видеосу
17:08
Өлкө ичинде учак менен ары-бери каттай турчуларга атайын эрежелер иштелип чыкты
17:05
Мэрия: COVID акимчиликтен эмес билим берүү борборунда иштегендерден чыкты
16:51
Бир нече күндөн кийин кыргыз-кытай чек арасы ачылып, "Торугарт" иштей баштайт
16:36
Кытайга газ алып өтүүгө айыл чарба жерлери берилген. ЖКда айтылган доомат
16:29
Кыргызстанда 5-июндан тарта аймак аралык транспорт каттай баштайт
10:58
Башкаларды да сыйлагыла. Фараны туура күйгүзүү боюнча айдоочуга 7 эреже
10:54
Бет кап жок болсо жетекчи жазаланат! Мэрия ишкерлерге кайрылды
10:50
Кадамжайдагы чек араны кыргыз-өзбек аскерлери кайтарууда
10:34
Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду.
10:28
Министрлик бүтүрүүчүлөр аттестатты акысыз аларын эскертти
10:16
Россиянын ЖОЖдору пандемияга карабай кыргызстандык студенттерди кабыл алат
17:01
Коронавирустан коргоочу кол кап кандай болушу керек? Адистин пикири
16:42
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты
11:38
Ата-энелер мектеп фондуна акча чогултулуп жатканын айтууда. Министрлик эмне дейт?
15:38
1-июндан тарта Кыргызстандагы бардык мамлекеттик органдар иштей баштайт
15:28
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду
14:59
Нарын облустук ооруканасы курчалып, төрт бөлүмү жабылды
14:14
Телеканалдарды балдарга туура келбеген контент үчүн жазалоо сунушталды
14:11
Бишкек менен Чүйдөгү 8 мектепте медициналык иш бөлмөлөр ачылат
14:05
Мумия, жасалма сүрөт. Министр Жаманкулов жоголгон экспонаттар тууралуу айтты
13:56
Аким: Октябрь акимиатынын кызматкерлеринен коронавирус табылган жок
13:16
Кыргызстан боюнча карантиндик канча пост калды. Министрликтин жообу
12:23
COVID-19: РФтин мамлекеттик мекемеси КМШ өлкөлөрүнө видеокеңештерин берет
11:23
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды
11:15
Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет
14:03
Индиядан чартердик каттам менен 22 кыргызстандык келди
13:56
Ак-Талаа менен Ат-Башыдагы катуу шамал имараттардын чатырын учуруп кетти
17:05
Кыргыз-өзбек чек арасында күчү 3,5 баллга жетип, жер титиреди
13:11
Эртеңден тарта иштечү соода борборлору менен базарларга талап коюлду
13:08
Мурдагыдай эле иштөөсүнө тыюу салынган тармактар айтылды.
13:07
Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт
12:57
Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты
12:44
Жети-Өгүздө төрөт үйүн обсервацияга айландыруу чечими жокко чыгарылды
12:11
Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар
12:10
"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
12:09
Боронов сырттан келгендерге кайрылып, медиктердин талабын аткарууну өтүндү
12:08
Көбөйүп жатат. 32 жүк ташуучу айдоочудан коронавирус табылды
14:42
КР энергетикасы жар учунда турат. Эксперттин билдирүүсү
14:34
Чуу салса эле обсервациядан чыгабы? "Гансидеги" жаңжал боюнча Үсөнбаевдин жообу
Бардык кабарлар

Оштогу дрон чуусу же журналисттер кимдин үйүн видеого тартып жүрүшкөн? ШИИБге 3 арыз түштү

Ош жаңылыктары
121
0
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Окуя кечээ, 28-сентябрь күнү болгон. Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалган Ы.И. Супаналиев көчөсүндө анын видеокамерасын жана дронун белгисиз адамдар күч менен тартып алышып, үйүнө кирип кетишкенин билдирген. Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барды.

Ошондой эле Ош ШИИБге Ош шаарында жашаган оператор А.К. («Азаттыктын» өкүлү) арыз менен кайрылган. Ал 22 миң 700 долларга бааланган видеокамераны, штативин, дронун жана анын пультун 4 бейтааныш адам тартып алып, «Лексус» үлгүсүндөгү унаасына салып кетишкенин билдирген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошол эле күнү Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндөгү номуру белгисиз үйдүн тургуну Н.Ж. милицияга арыз менен кайрылып, 28-сентябрь күнү эртең менен саат 8:00дөн баштап өзү жашаган үйдүн үстүнөн дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербей видеого тартканын айткан. Ал дрон менен видеого тарткандар турак үйдө жашаган адамдардын жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүнө коркунуч жаралганын кошумчалаган.

«Бирөөнүн жеке менчик үйүн видеого тартканга кандай укугу бар? Журналист менен операторго мыйзам чегинде чара көрүүнү суранам», - деп кайрылган Н.Ж. Бул тууралуу Ош ШИИБдин билдирүүсүндө да айтылат. Н.Ж. жазган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Күч менен тартылып алынган техникалык жабдыктар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген жана акт түзүлгөн.

Ошондой эле кечээ, 28-сентябрь күнү саат 20:24 чамасында Ош ШИИБге аталган окуя боюнча үчүнчү арыз түшкөн. Арыз ээси — Супаналиев көчөсүндөгү үйдүн тургуну А. уулу О. короодо жүргөн учурда башына дрон түшкөнүн, анын кесепетинен денесинен жаракат алганын билдирген. Дрон аталган адамдын короосун кароо учурунда ыкчам иликтөө тобу тарабынан алынды. Ал жазган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Келип түшкөн арыздар боюнча Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Күбөлөр суралып жатат.
http://www.turmush.kg/news:376737?from=turmush&place=byregionскачать dle 11.0фильмы бесплатно