Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:28
2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?
22:23
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду
22:23
Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду
23:45
Январь айына 500 млн доллар менен кирдик – президент
23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
Бардык кабарлар

Ошту "театр Меккесине" айланткан. Режиссёр Искендер Рыскулов жөнүндө 6 факты

Ош жаңылыктары / Жан дүйнө
846
0

Эгер анын көзү тирүү болгондо 78 жашка толмок. Өмүрүн ата мекендик театрга арнаган инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Залкарлардын уулу. Белгилүү театр режиссеру Искендер Рыскулов 1941-жылы 30-июнда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкекте) жарык дүйнөгө келген. Атасы атактуу актер Муратбек Рыскулов болсо, апасы СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева. Жаш талант борбор калаадагы мектепти аяктагандан кийин аскерде кызмат өтөп, 1961-жылы Ташкенттеги театралдык көркөм институтка тапшырган. Чыгармачылыкка бел байлаган Искендердин мындай чечимин ата-энеси анча колдогон эмес. 

Муратбек Рыскулов с семьей
© ФОТО / АЛЕКСАНДР ФЕДОРОВ
СССРдин эл артисти, театр жана кино жылдызы Муратбек Рыскулов менен Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын уулу Искендер, Бактыбек жана кызы Нуржамалдын сүрөтү 1950-жылдардын соңунда тартылган.

"Театрдын Меккесин" жараткан. Өзбек ССРиндеги окуусун аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик драма театрына артист болуп жумушка алынган. Көп өтпөй 1967-жылы Москвадагы Театралдык искусство мамлекеттик институтуна тапшырып, аны аяктап келип эле жаңы ачылган Ош шаарындагы жаштар драма театрына режиссер-коюучу болуп иштей баштайт. Ал жерде Рыскулов 12 жылдай эмгектенип, чыгармачылыгы оргуштап турган маалда аталган театрды болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөргөн. Башкы режиссер актерлор менен Москва, Тбилисиге чейин гастролдоп барган. Замандаштары ал кезде союздук мыкты сахна сынчылары Фрунзе шаарына токтобой эле, шак эле Ошко жетип, Рыскуловдун кезектеги эмгегин көрүүгө ашыккандыгын эскерип, ал учурда Ош шаары "театрдын Меккесине" айлангандыгын айтып келет.

Актер, режиссер. Кыргыз ССРинин эл артисти 43 жашында азыркы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына башкы режиссер болуп дайындалат. Өзүнүн эмгек жолунда режиссер Токтоболот Абдумомуновдун "Эч кимге айтпа", Бексултан Жакиевдин "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Атанын тагдыры", Бакы Өмүралиевдин "Жаңырык", Александр Грибоедовдун "Акылдан азап", Уильям Шекспирдин "Гамлет", "Он экинчи түн", "Ричард III", "Король Лир", "Ромео жана Джульетта", Максим Горькийдин "Түпкүрдө", Мырза Гапаровдун "Күнөстүү арал", Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме", "Жамила", "Гүлсарат", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" өңдүү чыгармалардын негизинде даярдалган 60тан ашык спектаклди өтөсүнө чыгара коюп, кыргыз театрынын кадыр-баркын жогорулаткан. Эмгекчил, талапты катуу койгон өжөрлүгүнүн аркасында бир топ театр ишмерлери, жазуучу, драматургдар жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Мындан сырткары, көптөгөн сахналаштырылган чыгармаларды Болгария, Венгрия, Чехия, Латвия, Литва, Эстония өлкөлөрүнө чейин койгон. Ошол эле маалда биринчи кесиби актёр болгондуктан бир нече тасмада роль жараткан. Алсак, "Биринчи мугалим", "Бөрү зындан", "Жоро", "Жамилага" тартылган. 

Народный артист, актер и режиссер Искендер Рыскулов
© ФОТО / КЫРГЫЗСКИЙ НАЦИОНАЛЬНЫЙ ДРАМТЕАТРА ИМ. АБДЫМОМУНОВА
Белгилүү театр режиссеру Искендер Рыскулов 1941-жылы 30-июнда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген.

Айтматов жана Рыскулов. Ар бир чыгармага өзгөчө мамиле жасап, койгон бир спектакли экинчисине окшошпогон инсанды жөнөкөй көрүүчүлөрдөн тарта кыргыз интеллигенция өкүлдөрү, чет элдик кесиптештери да баалаган. Ал чыгармачылык чөйрөдө чоң кадыр-баркка ээ болгон. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов да сыйлап, Рыскуловдун спектаклдерине байма-бай келип турган.

Душмандары арбын болгон. Союз тарагандан кийин 90-жылдары анын чыгармачылыгына бут тосуулар көп болуп, анын даярдаган спектаклдери аймактык, эл аралык фестивалдарга коюлбай калган. Кийин аны кызматтан да алып коюшкан. Эгемендүүлүк жылдарында драматург Жаныш Кулмамбетовдун "Кагылайын Манасым" чыгармасын сахналаштырганга жетишкен. Спектакль анын ири эмгектеринин бири болуп калган.

 

Театрга арналган өмүр. Искендер Рыскулов келинчеги менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты 40 жылга жакын театрда иштеп, 2002-жылы 26-декабрда оорудан улам көз жумган.

Дагы: https://sputnik.kg/culture/20191226/1046621616/kyrgyzstan-rezhisser-iskender-ryskulov-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик