Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
13:26
Кышка чейин аба ырайы кандай болору айтылды
13:26
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
14:39
Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады
14:37
Улуттук банктын алтын-валюталык резерви рекорддук көлөмгө жетти
23:31
“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди
23:25
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
23:25
Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын далысын жерге тийгизип утту
23:24
Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды
23:23
"Коопсуз шаардын" көчмө радарлары коюлган жерлердин даректери
23:22
Энергетиктер: кыргызстандыктар электр кубатын чегинен аша колдонууда
18:57
Шайлоо-2021: "Ар-Намыс" менен "Улуттар биримдиги" бирикти
18:55
Кызыл зонада иштеген медиктердин компенсациясы эмнеге берилбей жатканы айтылды
18:54
УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүн кармады
16:25
Кыргызстан 2024-2025-жылдары энергетикалык таңкыстыктан чыгат — президент
16:22
Нурдин Букуев Футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалында башкы калыс болот
16:21
Психолог: өң-келбеттүү адамдарга жетекчилер көбүрөөк айлык төлөшөт
16:20
Президент таза шайлоо өтөрүн убадалап, кымбатчылык боюнча оюн айтты
Бардык кабарлар

«Анча-мынча малдын өлүктөрү агып келет»: 30 жылдан бери таза суу чыга элек Жүзүм-Бак конушу.

Ош жаңылыктары
484
0
Алар Кыргызстан эгемендүүлүк алган убакта Кароол айылынан көчүп барышкан. Аталган участканын тургундары аймактык кабарчыга ошол кезден бери таза суусуз жашап, соңку убакта сарык жана ичеги-карын оорулары көбөйүп кеткенин айтышты.
Жители новостройки Жузум-Бак
Анын себебин жашоочулар өздөрү колдонгон каналдагы суу менен байланыштырат. Жергиликтүү тургун Жоробай Жусупов көп жылдан бери тийиштүү мекемелерге кайрылып, бирок майнап чыкпаганын билдирди.

«Биз таза суу чыгаруу үчүн айыл өкмөткө көп жолу кайрылдык. Бул жердегилердин алды 1990-жылы, арты 1995-жылы көчүп келишкен. Ошол убактан бери эле каналдын суусун тундуруп колдонуп келебиз. Каналга суу келбей калганда 1-2 км алыстан суу ташып келебиз. Айыл өкмөткө кайрылса карап көрөбүз деп коюшат. Каналдагы суу таза эмес. Балдарыбыз ооруй баштады», - деди Ж.Жусупов.

Каналдагы суу Жүзүм-Бак участкасына Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы айылынан агып келет. Участканын дагы бир жашоочусу Равшан Садыков каналдагы суу санитардык нормаларга жооп бербей турганын айтты. Анткени суудан памперс аккан күндөр болгон. Р.Сыдыковдун кызы сарык оорусуна да чалдыккан.

«Биз 1990-жылы көчүп келгенбиз. Каналдан көпчүлүк мезгилде ылай суу агат. Мунун айынан оорулар козголуп жатат. Таза суунун түтүктөрү биздин участкага тартылган эмес», - деди ал.
  
Участканын төмөн жагында жашаган жашоочуларга каналдагы суу арык аркылуу келет. Жергиликтүү дагы бир тургун Гүлсайра Кожокелдиева сууну кайнатып ичишерин айтты.

«Биз сууну атайын идишке толтуруп коёбуз. Ал тунганда тамак-ашка колдонобуз. Көпчүлүк учурда балдарыбыз суусап келип, ошол суудан ичип алып, ооруп калган учурлар болот. Ушул суунун айынан оору көбөйүп кетти. Ошол үчүн сууну кайнатып, муздак чай жасап, суусундук катары пайдаланабыз», - деди Г.Кожокелдиева.

Каналдагы суу кыш мезгилинде гана тунук болот.

«Жаз мезгили келгенде каналдын суусу ылайга айланат. Канал аркылуу ар кандай таштандылар, анча-мынча малдын өлүктөрү да агып келет», - деди жергиликтүү жашоочу Кенжебай Кожошев.

Жүзүм-Бакта жашаган 60 үй-бүлөнүн жарымы электр чубалгыларын өздөрү орнотушкан. Аталган участка айыл макамын ала элек. Ал эми Кароол айыл өкмөтүндө жалпы 4 айыл бар, 16 миң 700 калк жашайт. Айыл өкмөт башчы Алмаз Мырзабековдун айтымында, өткөн жылы башка айылдарда таза суу чыгаруу иштери башталган.

«Бизге республикалык бюджеттен таза сууга деп 19 млн 800 миң сом каралган. Шералы айылынан Мырза-Арык айылына таза суу тартуу долбоорунун негизинде 6 км алыска суу түтүктөрү орнотулуп, пайдаланууга берүү алдында турат. Долбоордун негизинде суу кампасы, суунун басымын жогорулатуучу жай, жогорку чыңалуудагы көмөкчү электр чордону курулду. Ал эми Жүзүм-Бак участкасындагы көйгөй башка айылдарга суу тартылгандан кийин чечилет. Быйыл бир суу түтүгүн Жүзүм-Бак участкасына тартууну пландап жатабыз», - деди А.Мырзабеков.

Бирок айыл өкмөт башчы каналдагы суунун санитардык абалын көзөмөлдөө боюнча суроого жооп бере алган жок.
http://www.turmush.kg/news:390213?from=turmush&place=byregion
скачать dle 11.0фильмы бесплатно