Шаарда коронавирусту алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам штаб тарабынан «Күчөтүлгөн даярдык» тартиби киргизилип, коронавируска каршы иш-чараларды уюштуруу иштери жүрүүдө.
Ош облусуна коронавирус аныкталган өлкөлөрдөн келген жарандардын абалын көзөмөлгө алуу максатында 449 койка жана изолятор даярдалган. Ал эми Ош шаарында кошумча 232 койка жана изолятор бар.
«Бүгүнкү күндө Ош облусунун ыкчам байланыш кызматына жарандар тарабынан бир да жолу кайрылуу болгон жок. Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан коомдук тамактануу жайларында, азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдө, соода борбору жана кичи базарларда санитардык көрсөтмөлөр берилип, ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, фотоматериалдар, брошюра жана плакаттар таратылды. Калк арасында жана мекеме-ишканаларда тийиштүү адистердин катышуусунда коронавирусту алдын алуу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат мэриянын маалыматында.
http://www.turmush.kg/news:391449