Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:38
Doha Cup U-23: Кыргызстандык футболчулар Омандын командасына утулуп калды
14:34
Баасы $1 млн героинди Кыргызстан аркылуу ташыган делип Тажикстандын жараны кармалды
14:32
КР ТИМ башчысы австриялык дипломат Мартин Сайдик менен жолугушту
12:16
Акылбек Жапаров япон ишкерлери менен тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
12:15
Бишкекте өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык мелдештин байге фонду 40 миң долларды түзөт
21:07
Саламаттык сактоо министри баштаган КР делегациясы Санкт-Петербургда форумга катышууда
21:05
Doha Cup U-23: Кыргызстандык футболчулар Кувейттин командасына бир голго жеңилип калды
20:54
"Рамазан айы – береке жааган, кут төгүлгөн ай". Муфтий кыргызстандыктарды куттуктады
12:22
Ооганстандагы жер силкинүүнүн күчү Кыргызстанда да сезилди
16:05
Германияда кыргыз диаспорасы Ноорузду белгилешти
19:10
Анталияда Айтматов атындагы китепкана ачылды
11:43
Венгрияда ТҮРКСОЙдун сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды
11:38
CAFA U-17. Кыргызстандык футболчу кыздар коло байге утту
10:11
Беларусь спорттук медицина тармагында тажрыйба алмашууда кыргызстандык адистерди чакырууга даяр
10:09
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
13:40
Парламентте Орусияда бир үйдөн энеси менен кызы маңзат менен кармалганы айтылды
13:37
Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат
18:33
Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады
18:30
Ысык-Көлдө көлдү таштандылардан тазалоо иштери башталды
16:04
Акылбек Жапаров Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга жолукту
16:01
Түркияга жардам эсебине 100 млн. сомдон ашык каражат чогулду
22:03
Кыргызстандыктардын Түркияда визасыз жүрүү режимин узартуу маселеси талкууланды
16:25
Кыргызстан жана Кувейт маалымат чөйрөсүндө тажрыйба алмашат
16:23
Түркияга жардам. Кыргызстандыктар дээрлик 99 млн сом чогултушту
16:22
Азия-Тынч океан сурдочемпионаты: Кыргыз балбандары төрт медаль жеңди
21:49
Аялдардын эл аралык күнү — сандар жана фактылар
21:28
Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жолугушуу өтөт
23:26
Рейтингдик мелдеш: Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты
20:35
Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза маселеси боюнча маалымат берилди
10:45
Кыргызстанга кирген товардын көбү Орусияга жана Беларуска кетип жатканы айтылды
08:22
Эрназар Акматалиев Египеттеги эл аралык мелдеште алтын медаль утту
08:07
Түрк элчиси зилзаладан улам жардам чогултуу уланып жатканын билдирди
11:47
Балбан Акылбек Талантбеков эл аралык мелдеште күмүш медаль жеңди
11:40
Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтык боюнча депутаттардын достук топторунун жетекчилери жолугушту
11:40
Чет өлкөлүк 9 жаран Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган
11:31
Москвада айлык талап кылган мигранттар митингге чыгышты
11:29
Москвадагы жапырт мушташка аралашкан эки кыргызстандык жоопко тартылды
00:37
Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча курамасы Дубайдагы Гран-приге катышат
00:33
Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык талкууланды
14:29
УКМК: Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды
01:31
Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча курамасы Дүйнө кубогуна катышат
01:11
Ооган согушунда курман болгон кыргызстандык жоокерлер эскерилүүдө
01:57
ЖККУнун Армения баш тарткан машыгуусу Кыргызстанда өтөт
04:50
Будапештте Кыргызстан менен Венгриянын президенттери расмий жолукту
04:48
Азия чемпионаты: Жөө күлүк Айнуска Калил кызы Кыргызстандын рекордун жаңылады
Бардык кабарлар

Ош шаарынын тургундары ипотекалык үйлөрдүн пайыз акчасын төмөндөтүүнү талап кылууда

Ош жаңылыктары
249
0

Азыр курулуп жаткан үйлөрүнүн чарчы метри 25 миң сомдон бааланууда. Ошондуктан биз бул айырмачылыктарды жок кылууну талап кылабыз. Бул тууралуу бүгүн, 27-январь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаарынын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, Ош шаардык мэриясынын алгачкы ипотекалык батирлеринин баасы менен азыркы батирлеринин айырмасы чоң. Анын үстүнө пайызы да бар.

Шаар тургуну Талант Шаанов азыркы учурда Ош шаардык мэриясынын алдындагы жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаменти тарабынан ипотеканын 4 пайыздык ченине макулдук берүү боюнча кагазды жашоочуларга таркатып, кол койдуруп жатышканын айтты.

«Бизде азыркы учурда «ипотеканын 4 пайыздык ченине макулмун» деген тариздеги кагазга кол коюу өнөктүгү жүрүп жатат. Биз убагында мэриянын ипотекалык үйлөрүнөн алганбыз. Бирок түшүнбөй эле алган экенбиз. Анда биз чарчы метрин 32 миң сомдон ашык акчага алганбыз. Азыркы учурда мэриянын ипотекасынын чарчы метри 25 миң сомдон болуп жатат. Биздин талап — биздин ипотеканын баасын азыркы ипотеканын баасына теңдеп берүү же андагы 4 пайыздык үстөктү алып салуу керек», - деди Шаанов.

Шаардын дагы бир тургуну Нурила Исаева жалгыз бой энелер, мугалимдер, социалдык жактан камсыз эмес үй-бүлөлөр ипотеканын акчасын төлөй албай кыйналып жатышканын белгиледи.

«Жалгыз бой энелер, мугалимдер, көп балалуулар, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр муруңку ипотеканы төлөй албай жатышат. Азыр насыяга телефон да ала албай калдык. Башында батирлерге кирип жашаганыбыз менен келишимди кийин беришкен. Ошондуктан чарчы метрин канчадан алганыбызды билбей калганбыз. Мына ошол себептен ипотеканын негизги баасын же пайызын төмөндөтүп берүүнү суранып жатабыз», - деди Исаева.

Шаардагы ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн биринин үй комитетинин башчысы Апиза Рахманова алар жашаган батирлердин сапаты да начар экенин билдирди.

«Үйдүн чатырынан жер төлөсүнө чейин сапатсыз болуп калган. Түнкү чырактар тез-тез күйүп турат. Аны алмаштырабыз. Жер төлөсү баткак. Балдар ойной турган аянтча жок. Үйүбүздүн жанынан унаа жолу өткөн, балдарыбызды жалгыз көчөгө чыгара албайбыз», - деди Рахманова.

Ош шаардык мэриясынын алдындагы жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин башчысы Кутманалы Абдырахман уулу айтылган дооматтар боюнча жооп берди.

«Жалпы 1 миң 504 адам ипотекага кезекте турат. Алар өздөрүнө качан кезек тиери боюнча кызыгышат да. Ошондуктан аларга «ипотеканын 4 пайызы жокко чыгарылса, силерге кезек жетпей, көп кабаттуу үйлөр курулбай калышы мүмкүн» деп түшүндүрүп жатабыз. Анткени ипотеканын 4 пайызы жокко чыгарылса, ипотекалык программа узак жашай албайт. Барып-барып токтоп калат. Жоюлуп кетет. Ошондуктан алар ипотеканын 4 пайызы жоюлбасын деп кол коюп берип жатышат. Аларды мажбурлап жаткан жокпуз», - деди ал.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно