Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.
Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда.
Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине вице-мэр Эмиль Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулук курам, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Чемпионатка өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн самбочу катышып жатканы белгиленди.
Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.
Турнирди аталган федерация Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүп жатат.

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20210307/1051696867/osh-sambo-boyuncha-chempionat-surot.html