Кара-Суу шаарындагы М.Бабур атындагы мектептин мугалими кесиптешинин бетин тиштеп, денесине жаракат келтиргени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Turmush басылмасына Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, соцтармакта кыйкырышып урушкан мугалимдердин видеосу тараган. Алар азыр жарашып алышты.
Милицияга А.Ү. аттуу мугалим арыз менен кайрылган. Ал 1-апрель күнү саат 08:15 чамасында Кара-Суу шаарынын М.Бабур атындагы орто мектебинде аны Ю.М. аттуу кесиптеши оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, денесине жаракат келтиргенин билдирген. Бул факт Кара-Суу РИИБде Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө А.Ү. мектепте мугалимдердин усулканасында М.Ю. аттуу кесиптеши менен айтыша кеткени такталды. Ошол мезгилде М.Ю. өзүнүн уюлдук кол телефонун видеокамерасына тартып жаткан учурда окуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары уюлдук кол телефонун өчүрүү керектигин айткан. М.Ю. кесиптеши А.Ү.нүн бетинен тиштеп, уруп, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, акарат келтирген. Анын кесепетинен А.Ү. жеңил жаракат алганы аныкталган. Тараптар жарашып алышкандыктан иш өндүрүштөн кыскартылган.