Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:38
Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
21:37
Ийгилик артынан ийгилик. Жуманазарова дүйнөлүк уюмдан 7 миң доллар сыйлык алат
21:35
Жапаров соцмекемелердеги балдардын тамагына бөлүнгөн акчага нааразы болду
21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
Бардык кабарлар

«Атаңдын бетин жер каратасың»: Араванда пахта талаада 16 жаштагы кыз менен кумарын кандырган 63 жаштагы адам кармалды

Ош жаңылыктары
83
0

Араван районундагы айылдардын биринде 63 жаштагы адам өспүрүм кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн жылдын август айында Араван районунда айылдардын бириндеги 16 жаштагы кыз пахта эгилген талаага суу коюп жүрүп, заара ушаткысы келип, пахта талаасынын ичине кирген. Аны алыстан байкап турган 63 жаштагы коңшусу көрүп калып, артынан барган. Ал кызды кармап, каршылык көрсөткөнүнө карабай күч колдонуп зордуктаган. Зордуктаган соң кызды «бул жөнүндө бирөөгө айта турган болсоң, атаңдын бетин жер каратасың, өзүңдүн абийириң төгүлөт» деп коркуткан. Кыз коркуп, ата-энесине айтпай жүрө берген. 4 айдан соң апасы кызын ооруканага алып барганда гана анын боюнда бар экенин билген. Кыз 2021-жылдын май айынын ортосунда Араван районундагы төрөт үйүндө көз жарып, уул төрөгөн.

Бул маалыматты окуя болгон айыл өкмөттүн башчысы Рафикжан Эргешов тастыктап, шектүү адам камакта экенин, бул боюнча иш сотто каралып жатканын билдирди.

Араван аймактык ооруканасынан маалымдашкандай, кыз 15-май күнү 2 кг 800 гр салмактагы уул төрөгөн. Ал үйүнө чыгып кеткен.

Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылы 20-август күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Араван районунун Чек-Абад айыл аймагына караштуу айылдардын биринде жайгашкан эгин талаада 15 жаштагы М.А. аттуу кызды ошол эле айылдын 63 жаштагы тургуну А.А. күч колдонуп зордуктаган. Жабырлануучу коркконунан муну эч кимге айткан эмес. Апасы аны 2020-жылы ноябрь айынын аягында ооруканага алып барган учурда М.А.нын 4 айлык боюнда бар экени тастыкталган. Кыз 2021-жылдын май айында Араван райондук төрөт үйүндө уул төрөгөн.

Бул жагдай боюнча 2020-жылдын 3-декабрында Жазык кодексинин 164-беренеси (16 жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөө учурунда айыпталуучу А.А. жабырлануучунун жана күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрүндө, беттештирүү протоколдорунда, бир нече экспертизалардын корутундуларынын тыянагынын негизинде Жазык кодексинин 162-беренесинде (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы аныкталган. Андыктан ал кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын бөгөт коюу чарасы Ош шаардык соту тарабынан каралып, 2021-жылдын 22-июнуна чейин камакка алынган. Учурда тергөө амалдары аяктап, бул ишти кароо үчүн Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.


 
https://osh.turmush.kg/news:436508скачать dle 11.0фильмы бесплатно