Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
11:23
Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
11:23
УКМК: 2 млн сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
Бардык кабарлар

Талапкер Толгонай Амирова: Ош шаардык кеңешин шайлоодо админресурс колдонулууда

Ош жаңылыктары / На злобу дня
59
0

«Ынтымак» партиясынын катарында Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна талапкер болгонун айткан Толгонай Амирова бүгүн, 11-июль күнү АКИпресс-Ошто маалымат жыйын куруп, Оштогу бүгүнкү шайлоо дагы админресурс колдонуу менен өтүп жатканын айтты.

Анын айтымында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы аны күбө катары чакырып, шектүү катары кылмыш иш козгогон.

«Мен «Ынтымак» партиясынын катарында Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна талапкер катары катышкам. Бирок акыркы жагдайлардан улам партия өз арызынын негизинде шайлоого катышуудан баш тарткан. Мен партиянын Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосундагы тизмесинде 3-катарда, ал эми аялдардын тизмесинде биринчи болчумун. Ошондуктан ордум талаш болуп калгандыктан ушундай саясий оюндар болуп кетти. Ал жөнүндө дагы бирдиктүү жыйынтыкка келип айтууга болбойт. Биздин партияда каттоодо жок мага тааныш бала түшүнүксүз иштерди жасаган экен. Ошол баланын көрсөтмөсүнүнүн негизинде мени жоопко тартабыз деп жатышат. Азыр сотко чейин өндүрүш иштери жүрүп жатат. Мен бул иштин аягына чейин чыгам. Соттошом. Анткени мен боюнча эч нерсе табылган жок. Мен боюнча фото, видео далилдер, акча далилдер жок. Биздин агитатор деп айтып жатышатю. Бирок бизде каттоодо жок баланын эле көрсөтмөсү менен мени жоопко тартып жатышат. Бул маселеге дагы кайрылып келебиз. Мен ар кандай каражатарды, агитаторлордун айлыгын үй-бүлөбүздүн акчасынан иштеттим.

Силердин оюңар боюнча Ош шаарында таза шайлоо болуп жатабы? Биз таза шайлоо өткөрөбүз деп айтканыбыз менен иш жүзүндө баягы эле көрүнүштөр болуп жатат. Админресурс колдонулбайт деп жатышат. Бирок колдонулуп жатканына көпчүлүгүбүз күбө болуп жатабыз. Жеке активист катары менин социалдык баракчаларыма абдан көп суроолор келүүдө.

Админресурс боюнча айта турган болсок, мындай бир арызга көзүм түшүп калды. Аталган арызда «Ата Журт - Кыргызстан» партиясынын талапкери Хулькар Исамова боюнча жазылган арыз экен. Туран кичи районунун Садыков көчөсүнүн 16 тургуну Хулькар Исамовага каршы арыз жазган. Арыз 1-июль күнү УКМКга катталыптыр. Бул арыз Аймактык шайлоо комиссиясына да жазылыптыр. Арызда айтылгандай, Хулькар Исамова тарабынан 15 спортчу келип, «ошол көчөгө асфальтты биз жасап бергенбиз, бизди шайлабасаңар, асфальтты чыгарып кетебиз» деп коркутушкан. Ошондуктан биз бул талапкерге ишенбестик көрсөтөбүз. Бул талапкер депутат болууга татыктуу эмес», - деди Амирова.

Амированын айткандары боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков жооп берди.

«Мен ал жаранды инсан катары, партиянын шайлоодон четтетилген мүчөсү катары туура түшүнөм. Анткени жеңилүү ызасын тартып жатып ошентип айтып жатса керек деп эсептейбиз. «Ынтымак» партиясынын 2 тарапташынын үстүнөн кылмыш иш ачылган. Экөө тең бүгүнкү күндө далилденип, иш сотко жөнөтүлүү алдында турат. Анткени акча таркаткан адамдын аты-жөнү, акча алган адамдардын аты-жөнү бизге белгилүү», - деди ал.

Сыдыков кошумчалагандай, бүгүнкү күндө 27 арыз түшкөн. Анын жетөө добуш сатып алуу фактысы менен катталган. 20 арыз маалыматтардын электрондук журналына катталган. Алар негизинен жарандардын социалдык тармак аркылуу берген видео, фотолорунун негизинде катталган.

«Ата Журт - Кыргызстан» партиясынын талапкери Хулькар Исамова маалымат жыйында өзү боюнча айтылган сөздөргө жооп берди.

«Ошол менин үстүмөн арыз жазган 15 жаран «бизге башка нерсеге кол койдурган» деп айтышты. Ошолордун арызынын негизинде Аймактык шайлоо комиссиясы, прокуратура текшерип, эч нерсе тапкан жок. Булар 2 партия биригип, менин үстүмдөн арыз жазып, каралашты. Мунун баары жалган. Бул айтып аткан айымдын агитатору менин коңшуларыма акча берген. Алар бул боюнча арыз жазышкан. А мен тиги «15 спортчусу менен коркутту» деген жарандар боюнча милицияга арыз жаздым», - деди Исамова.


https://osh.turmush.kg/news:439204скачать dle 11.0фильмы бесплатно